Жилмассивдерди массалык газдаштыруу 2028-жылдан эрте башталбайт — Маматалиев

Кыргызстандагы жилмассивдерди массалык газдаштыруу 2028-жылдан тартып гана мүмкүн болот. Буга учурдагы газ инфраструктурасынын кубаттуулугу жетишсиз болуп жатканы себеп. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев парламенттин жыйынында «Газпромдун» жетекчилигине шилтеме берүү менен билдирди.
Төраганын айтымында, ал кечээ компаниянын жетекчиси Болотбек Абилдаевди жана анын командасын чакырып, жилмассивдерди газдаштыруу качан башталарын сураган.
«Мен газдаштыруу качан башталарын ачык сурадым. Алар бардык документтерин көрсөтүштү. Көрсө, Россиядан өзүнчө газ түтүгү тартылып жатыптыр. Ал курулуп бүтмөйүнчө азыркы кубаттуулук жаңы керектөөчүлөрдү кошууга жетпейт экен. Алар жилмассивдерди толук газдаштырууну 2028-жылдан тартып гана жүргүзө аларын ачык айтышты», — деди Маматалиев.
Ошол эле учурда спикер 2028-жылды күтпөстөн, айрым жилмассивдерди 2027-жылы эле газга кошууну сунуштады.
Анын айтымында, «Газпромдун» өкүлдөрү керектүү түтүктөрдү сатып алууга кошумча каражат бөлүнсө, мындай мүмкүнчүлүк бар экенин билдиришкен.
Маматалиев абанын булганышына каршы күрөшүү үчүн тартылган каражаттарга да токтолду. Анын айтымында, бул максатта гранттык жана кредиттик каражаттар түрүндө ондогон миллион доллар каралган.
Спикер газдаштырууну тездетүү үчүн бул каражаттын бир бөлүгүн газ түтүктөрүн сатып алууга багыттоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.
«Эгер Каржы министрлиги колдоп, түтүктөрдү сатып алып берсек, алар жумуштарды аткарууга даяр экен. Анда 2028-жылды күтпөстөн, 2027-жылы жок дегенде беш-алты жилмассивди газга кошууга болот», — деди ал.
Маматалиев бул маселени каржылоо боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алууда сөзсүз эске алуу керектигин белгиледи.
Ошентип, спикер билдирген маалыматка ылайык, жилмассивдерди кеңири газдаштыруу 2028-жылдан тартып күтүлүүдө. Бирок кошумча каражат бөлүнсө, айрым аймактарды 2027-жылы эле газга кошуу мүмкүнчүлүгү бар.