•  +(996) 557 67 66 40
  •  press@reporter.kg
ЖАҢЫЛЫКТАРКООМ

Ош шаарында медицина кызматкерлерине 5 тонна ун таратылды

Бүгүнкү күндө Ош шаарынын мэриясы тарабынан медицина кызматкерлерине 5 тонна ун таратылды. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов билдирди.

Сарыбашов 28 автоунаа бекитип берилгенин айтты.

“Ал эми укук коргоо органдарына 5 автобус каралган. Мындан сырткары, Ош шаарына 2 600 кап ун гуманитардык жардам катары келген. Аларды аз камсыз болгон 605 үй-бүлөгө жана мүмкүнчүлүгү чектелген 395 адамга таратылып берилди. Ал эми жардам берүүнүн экинчи этабында 80 тонна ун чындап жардамга муктаж үй-бүлөлөргө таратылат”, – деди Оштун мэри.

Комментарий кош

Сиздин э-почта сайтта көрсөтүлбөйт. Зарыл түрдө толтуруу керек болгондор *