Кыргызстанда 500 мектепте шахмат ийримдери ачылып, керектүү жабдуулар жеткирилүүдөСадыр Жапаров поезд кырсыгына байланыштуу Испаниянын королу Фелипе VIга көңүл айттыУлуттук банк шылуундар жасалма сертификат колдонуп, алдамчылык кылып жатышканын эскертти«Түндүк» иштебей, күрөө катталбай жатат — мекемелердин жообуКыргызстанда деградацияга учураган жайыттарды калыбына келтирүү программасы иштелип чыктыБоом капчыгайында 2–6-ноябрда таш түшүрүү иштерине байланыштуу кыймыл чектелет
Ош шаарында сары автобустар окуучуларды акысыз ташый баштады
07.10.2026 | 16:10

Ош шаарында мектептен алыс жашаган окуучуларды акысыз ташыган сары автобустар каттамга чыкты. Бүгүн, 7-октябрда, шаар мэри Жанарбек Акаев окуучулар менен бирге автобуска отуруп, анын шарттары менен таанышты.
Ош мэриясынын маалыматында, автобустардын ар бири 28 орунга ылайыкталган. Унаалар ыңгайлуу отургучтар, кондиционер менен жабдылган жана коопсуздук талаптарына жооп берет.
Калаа башчысынын айтымында, учурда сыноо үчүн эки автобус ишке киргизилди. Алдыдагы айларда дагы 10 автобус алып келүү пландалууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом