«Кызгылт октябрь»: аялдар эмчек рагы жөнүндө эмнелерди билиши керек?

07.10.2026 | 15:51
«Кызгылт октябрь»: аялдар эмчек рагы жөнүндө эмнелерди билиши керек? — Новости Кыргызстана

Октябрь айы салтка айлангандай дүйнө жүзүндө аялдар арасында эң көп таралган рактын түрү — эмчек рагы тууралуу маалымдуулукту жогорулатууга арналат. Бишкек шаардык ден соолукту чыңдоо борбору билдиргендей, 2024-жылы бул оору дүйнө боюнча 2,4 миллион аялдан аныкталган.

Борбордун адистери төмөнкү өзгөрүүлөргө кылдат көңүл бурууну сунушташат:

— эмчекте же колтуктун алдында катуулануунун (түйүндүн) же адаттан тыш шишиктин пайда болушу;
— эмчектин өлчөмүнүн же формасынын өзгөрүшү;
— теринин же үрптүн өзгөрүшү;
— үрптөн адаттан тыш суюктуктун же кандын бөлүнүп чыгышы.

«Мындай өзгөрүүлөрдүн баары эле рактан кабар бербейт, бирок адаттан тыш белгилер пайда болгон учурда дароо медициналык адиске кайрылып, тиешелүү текшерүүдөн өтүү зарыл», — деп эскертишет адистер.

Алардын айтымында, дене салмагын бир калыпта сактоо, жигердүү кыймыл-аракетте болуу, тамеки жана спирт ичимдиктеринен баш тартуу эмчек рагынын өрчүү коркунучун азайтууга көмөктөшөт. Ошол эле маалда, оору белгилүү болгон тобокелдик факторлору жок кезде деле пайда болушу мүмкүн.

Кыргызстанда «Кызгылт октябрь» өнөктүгүнүн алкагында калктын маалымдуулугун жогорулатууга жана эмчек рагын алдын ала аныктоого багытталган маалыматтык иш-чаралар өткөрүлүүдө.

Scroll to Top