Эсептөө палатасынын Ош шаарынын бюджетине жүргүзгөн аудити: 2,5 млрд сомдук карыз жана документсиз курулуштар

Кыргызстандын Эсептөө палатасы Ош шаарынын 2025-жылдагы бюджетин түзүүдө жана аткарууда олуттуу мыйзам бузууларды аныктады. Бул тууралуу Reporter.kg басылмасына аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ведомствонун маалыматы боюнча, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча жыйынды баланс талапка ылайык түзүлбөгөндүктөн жана бекитилбегендиктен, аудиторлор мэриянын каржылык отчеттуулугунун толуктугун жана тактыгын тастыктай алышкан эмес.
Текшерүү ошондой эле бюджеттик каражаттарды чыгымдоодо, муниципалдык мүлктү башкарууда, бухгалтердик эсепте жана мамлекеттик сатып алууларда да эреже бузууларды аныктаган.

Эсептөө палатасынын маалыматына ылайык, Ош шаарынын бюджетинин кирешеси 6,3 миллиард сомго өскөн, бирок бул өсүштүн дээрлик 95%ы же 6 миллиард сому республикалык бюджеттен түшкөн.
Мекемеде белгилешкендей, чечимдердин жеке тараптан гана кабыл алынышы жана аткаруучу менен өкүлчүлүктүү органдардын ыйгарым укуктарын тоготпоо шаардын экономикалык абалына терс таасирин тийгизген.
«Атап айтканда, салык базасы кыскарып, ишкерлерге түшкөн насыялык жүк көбөйгөн, ал эми базарлар менен соода жайларынын жабылышы салыктык түшүүлөр үчүн кошумча тобокелдиктерди жараткан. Мындан тышкары, турак жайларды жана коммерциялык объектилерди шашылыш түрттүрүүнүн айынан 11,5 миллиард сомдон ашык суммага компенсация төлөп берүү зарылчылыгы келип чыккан», — деп айтылат маалыматта.
Ошону менен бирге аудиторлор бузулган объектилер жана кайтарылып алынган жер тилкелери үчүн компенсацияларды эсептөөдө жана төлөөдө кемчиликтерди аныкташкан.

Ошондой эле курулуш тармагында да олуттуу мыйзам бузуулар табылган.
Аудиттин маалыматы боюнча, жалпы баасы 3,6 миллиард сомду түзгөн объектилердин курулушу керектүү уруксат берүүчү документтери жок эле — Ош шаарынын мурдагы мэринин протоколдук тапшырмаларынын негизинде гана башталган.
Натыйжада подряддык уюмдардын алдында 2,5 миллиард сомдон ашык кредитордук карыз пайда болгон. Мындан тышкары, шаарда курулушу бүтө элек жалпы баасы 3 миллиард сомдон ашкан объектилер топтолуп калган, аларды аягына чыгаруу үчүн каржылоо булактары аныкталган эмес.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Эсептөө палатасы муниципалдык мүлктүн жетишсиздиги жана миллиарддаган сомдук бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз ыйгарып алуу тобокелдиктери тууралуу материалдарды укук коргоо органдарына өткөрүп берүү ниетинде.
Аудиттин бардык материалдары аныкталган мыйзам бузууларга укуктук баа берүү жана тиешелүү чараларды көрүү үчүн Кыргызстандын Башкы прокуратурасына жөнөтүлөт.
Анара Мамытова