Ошто 1 миң 830 чакырымдык аралыкка веложарыш башталды

Ошто 1 миң 830 чакырымдык аралыкка веложарыш башталды

Кечээ, 12-августта түнүндө Ош шаарынын борбордук аянтында Silk Road Mountain Race эл аралык веложарыш башталды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.

Жарышка 40 өлкөдөн 163 спортчу катышууда. Анын ичинен тогузу кыргызстандык спортчулар.

Жарыштын катышуучуларынын жолунун жүрүшү Жиптик ашуусу, Арстанбап, Казарман, Нарын, Тамга, Ысык-Көлдүн түштүк тарабы, Соң-Көл, Тосор ашуусу аркылуу өтүп, Бишкекте аяктайт. Жолдун узундугу 1 миң 830 чакырымды түзөт.

Кыргызстанда аталган жарыш 2018-жылдан бери өткөрүлүп келет.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: веложарыш

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>