Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Кыргызстанда бир күндүк жалданма жумушчулар салык төлөөгө милдеттендирилиши мүмкүн2026-жылы КР мамлекеттик бюджетинен контрацептивдерге 12,5 млн сом бөлүндүБишкектеги таштанды полигонунда өрт чыкты: мэрия өрт атайылап коюлушу мүмкүн экенин билдирдиКыргызстанда 2027-жылы IV КМШ оюндары өтөтКубанычбек Айбек уулу Азия оюндарында кураш боюнча коло медалга ээ болдуКыргызстан менен Гонконг кош салык салууну жоюуну көздөөдө
Өткөн айда 126 миң кыргызстандык Өзбекстанга эс алууга барган
13.08.2022 | 15:32
Июль айында 126,3 миң кыргызстандык Өзбекстанга эс алууга барган. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Мамлекеттик стастистика комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, июль айында Өзбекстанда туристтердин агымы былтыркыга караганда кыйла арткан. Жалпысынан өткөн айда Өзбекстанга 540,7 миң киши туристтик максатта келген (өткөн жылга караганда 359,8 миң адамга көп).
Өзбекстанга эс алууга келгендердин басымдуу бөлүгүн казакстандыктар түзгөн – 181,8 миң киши. Андан кийинки орунда Тажикстан турат – 143,4 миң адам. Ал эми Кыргызстан үчүнчү орунда – 126,3 миң турист.
Андан тышкары Өзбекстанга Россиядан (61,6 миң), Түркия (6,8 миң) Түштүк Корея (2,2 миң), Гремания (1,5 миң) жана АКШдан (1,3 миң) эс алуучулар келген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом