Кыргызстандык дзюдочу Фадиль Исмагомбетов Душанбедеги эл аралык турнирде коло уттуНарында 350 орундуу жаңы оорукана курулушу мүмкүнКыргызстандыктар Азербайжандын курортторунда арзандатуу менен эс ала алышат — чоо-жайыОш шаары Франция менен туризм, илим жана инвестиция багытында кызматташууну көздөөдөМурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов үй камагына чыгарылганы маалымдалдыНафталандан Ысык-Көлгө чейин: Курорттук туризмдеги кызматташтык
Ошто 70тей көп кабаттуу үйдүн фасаддары жаңыланат
08.05.2026 | 17:58

Ош шаарында көп кабаттуу турак үйлөрдүн сырткы көрүнүшүн жаңылоо иштери жүрүүдө. Планга ылайык, быйыл 70 көп кабаттуу үйдүн фасадын актоо жана сырдоо каралган. Бул тууралуу Ош мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда Н. Исанов көчөсүндө жайгашкан 51-көп кабаттуу үйдүн чатыры алмаштырылып жатат. Ал эми Раззаков көчөсү боюнча 26-көп кабаттуу турак үйдүн сырткы бөлүгү сырдалууда.
Шаар бийлиги тургундарга кайрылып, эгер жашаган үйлөрү эскирип, жаңылоого муктаж болсо, мэрияга же тиешелүү ишканага кайрылып, кош каржылоо программасы аркылуу фасадды жаңылоого мүмкүнчүлүк бар экенин эске салды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом