Кыргызстандык дзюдочу Фадиль Исмагомбетов Душанбедеги эл аралык турнирде коло уттуНарында 350 орундуу жаңы оорукана курулушу мүмкүнКыргызстандыктар Азербайжандын курортторунда арзандатуу менен эс ала алышат — чоо-жайыОш шаары Франция менен туризм, илим жана инвестиция багытында кызматташууну көздөөдөМурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов үй камагына чыгарылганы маалымдалдыНафталандан Ысык-Көлгө чейин: Курорттук туризмдеги кызматташтык
ӨКМ: Тоолуу аймактарда 10–12-майда сел жүрүү коркунучу бар
08.05.2026 | 16:46

10-12-май күндөрү өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда аба ырайынын туруксуздугуна жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн. Ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Мекеме жарандарды майрам жана эс алуу күндөрүндө коопсуздук чараларын сактоого чакырды. Тактап айтканда, мүмкүн болушунча тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарга барбоо, дарыялардын жана капчыгайлардын жээгинде эс алуудан алыс болуу сунушталды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом