Ошто эки көп балалуу үй-бүлөгө жаңы батирлер тапшырылды
4-апрелде Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев турак жайга муктаж болгон көп балалуу эки үй-бүлөгө жаңы батирлердин ачкычын тапшырды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жаңы батирлер Жибек жолу муниципалдык аймактык башкармалыгынын тургуну, 7 балалуу Шерзод Умарбаевдин үй-бүлөсүнө (2 уул жана 5 кыз) жана Курманжан-Датка муниципалдык аймактык башкармалыгынын тургуну, 7 балалуу Гүлнара Алип кызына (4 уул, 3 кыз) демөөрчүлөр тарабынан тапшырылды.
Аталган батирлер “Капитал строй инвест” жана “Сулайман Групп” курулуш компаниялары тарабынан жардам иретинде берилди.
Жеке батирге ээ болгон үй-бүлөлөр мэрдин колдоосу жана жардамы үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.
[image_carousel source=”media: 220198,220197,220196,220195,220194,220193,220191,220190,220189,220188,220187″ limit=”20″ slides_style=”photo” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”no”]
Биздин Телеграм каналга катталыңыз