Ошто көмүрдүн 1 килограммы 7 сомдон сатылууда

Ошто көмүрдүн 1 килограммы 7 сомдон сатылууда

31-октябрда Ош шаарында сатылып жаткан көмүрдүн баасына текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев, мэриянын тийиштүү өкүлдөрү менен биргеликте А. Мамыров көчөсүндөгү жана Ак-Тилек кичи районундагы көмүр сатылып жаткан жайларды кыдырып, кара отундун баалары текшерилип, көмүр сатуучулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Мэрия билдиргендей, 25-октябрдан тарта Кыргызстандын көмүрүнүн сатыла турган бирдиктүү баасы белгиленип, кар отундун 1 тоннасынын баасы 6,5 миң сомдон, 1 килограммыныкы 7 сомдон ашпашы керек. Бул баалар 90 күнгө белгиленген.

«Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан мыйзам бузуулар аныкталган учурда, мыйзамга ылайык тиешелүү чаралар көрүлөт. Ошол эле учурда түшүндүрүү иштери менен көмүрдүн баасына мониторинг жүргүзүү, белгиленген бааларды колдонуу боюнча көзөмөл улантылат. Азыркы тапта Ош шаарында көмүргө болгон баа туруктуу», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: мэрия Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>