Кыргызстанда кызамык оорусу күчөдү

Кыргызстанда кызамык оорусу күчөдү

Кыргызстанда кызамык оорусуна байланыштуу эпидемиологиялык кырдаала оорлошуп, мектеп жана бала бакчалардагы балдар ооруп жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча, жыл башынан бери өлкөдө 3 миң 289 адам кызамык оорусуна чалдыкса, алардын көбү 4 жашка чыга элек балдар. Кызамык эң көп Бишкек (989 адам) жана Ош шаарында (321 адам), Ош облусунда (683 адам), Чүйдө (515 адам) жана Жалал-Абадда (501 адам) катталган. Ошондой эле Ысык-Көлдө — 68, Баткенде — 94, Таласта — 92, Нарында 26 учур катталган.

«Жалпысынан кызамык боюнча кырдаал курч бойдон калууда. Окуу жылы башталгандан бери бул оору орто мектептердин жана бала бакчадагы балдардын арасында, эмдөөдөн өтпөгөн балдардын арасында көп катталууда», — деп билдирет министрлик.

Министрлик билдиргендей, кызамыктан таралышын чектөө үчүн мектеп менен бала бакчаларда карантин жүргүзүлүүдө. Алар инкубациялык мезгил аяктаганга чейин дистанттык окутууга убактылуу которулат.

Маселен Бишкекте 2 жеке менчик бала бакчада, бир жеке мектепте кызамык оорусу катталган. Ошондой эле Каракол шаарындагы мамлекеттик бала бакчада 1 кызамык оорусу аныкталган. 30-октябрда Жалал-Абад шаарындагы эки орто мектепте кызамык оорусу катталгандыктан карантинге жабылган. Эпидемияга жана эпизоотияга каршы атайын комиссиянын чечими менен окуу процесси убактылуу дистанциялык форматта өткөрүлөт. Бардык уюмдарга санитардык эрежелер даярдалып, жетекчилерге токтомдор менен протокол түзүлгөн.

«Ушуга байланыштуу кызамык жана кызылчага каршы кошумча эмдөө кампаниясы 9 айдан 7 жашка чейинки балдар арасында уланууда. Бул (эмдөө иштери – ред.) вирус эң активдүү тараган Бишкек, Ош шаарларында, Ош жана Чүй облустарында жүргүзүлүүдө. Ошондой эле Жалал-Абад облусунда кызамык оорусунун көбөйүшүнө байланыштуу мектеп, бала бакчалардагы балдарды кызамык менен кызылчага каршы кошумча эмдөө башталды. Ооруган адам менен байланышта болгон бардык курактагы кишилер 72 сааттын ичинде шашылыш түрдө эмделүүдө»,  — деп айтылат маалыматтаю

Инфекциянын таралышын токтотуу үчүн балдардын 95%дан ашыгы эмделиши керек. Кызамыкка жана кызылчага каршы кошумча эмдөө кампаниясынын алкагында бүгүнкү күнү 450 миңден ашык бала эмделген. Бул 76% түзөт.

Министрлик балдарды өз убагында эмдөө мектеп жана бала бакчаларда оорунун таралышын алдын аларын, ошондой эле башка курактагы адамдардын бул ооруну жуктуруп алуу ыктымалдыгын азайтарын белгилейт.

«Бала кездеги пландуу эмдөө калктын башка катмарын кызамыктан коргоого жардам берет. Кызамык — коркунучтуу жана өтө жугуштуу вирустук оору. Аны айыктырууга мүмкүн эмес, оорунун өтүшүп кетиши өлүмгө алып келиши мүмкүн», — деп билдирет министрлик.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>