Ошто мал уурдаган топ кармалды

Ошто мал уурдаган топ кармалды

Ош облусунун Кара-Суу районунда 210 миң сомдук малды уурдаганга шектелип кылмыштуу топ кармалды.

Облустук милициянын маалыматына караганда, 13-октябрда Кара-Суу райондук милициясына арыз менен 51 жаштагы М.К., 42 жаштагы М.М. жана 33 жаштагы З.О. аттуу жарандар кайрылып, өздөрүнө таандык мал жандыктарын белгисиз жарандар уурдап кеткендигин билдиришкен. Малдардын жалпы суммасы 210 миң сомду түзөт.

Ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында Кара-Суу районунун аймагында малды сатып жаткан жеринен 27 жаштагы М.Б., 31 жаштагы С.И. жана 22 жаштагы А.С. аттуу жарандар кармалган.

Аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-берененин (“Уурдоо”) негизинде иш козголгон.

Шектүү жарандар милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, алардын мындан башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги текшерилүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>