Ошто өспүрүм менен жаш жигит 12 баш мал уурдаган деп кармалды

Ошто өспүрүм менен жаш жигит 12 баш мал уурдаган деп кармалды

Оштун Алай районунда өспүрүм бала жана жаш жигит 12 баш мал уурдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Милициянын маалыматы боюнча, 23-ноябрда Чоң-Каракол айылынын 60 жаштагы тургунунун букасын белгисиз адамдар уурдап кеткен. Бул боюнча малдын ээси милицияга арыз жазган.

Аталган факт боюнча «мал уурдоо» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 17 жаштагы бала (Э.Т.) жана 19 жаштагы жигит (А.А.) кармалган. Соттун чечими менен 19 жаштаги жигит тергөө аяктаганга чейин камакка алынган, ал эми өспүрүм үй камагына чыгарылган.

Милиция билдиргендей, кармалгандар дагы 11 баш малды уурдаган деп шектелүүдө.

«Шектүүлөр мал ээлерине келтирген чыгымдын ордун толтурууда», — деп айтылат маалыматта.

Учурда шектүүлөрдүн шериктерин аныктоо жана башка уурулук фактыларына катыштыгы текшерилүүдө.

Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>