КР Билим берүү министрлиги пенсия курагындагы мугалимдерди эмне күтүп жатканын түшүндүрдүКыргызстандыктарга Казакстанга кирүү үчүн уруксат талап кылынат — жаңы эрежелерКыргызстанда ИИМдин жаңы имараттары ачылып, милициянын автопаркы жаңыландыБишкекте 18 жаштагы кыз 15 кабаттуу үйдүн терезесинен кулап түштүПольшанын премьери орусиялык боттор тууралуу билдирди, ал эми оппозиция өкмөттүн отставкасын талап кылуудаBinance хакердик чабуулдан кийин колдонуучулардын чыгымдарынын 90%ын жапканын билдирди
Оштогу тергөө абагынын имараты музейге айланат
10.08.2026 | 16:21

Ош шаарындагы тергөө абагынын имараты музейге айланат. Бул тууралуу шаар мэри Жанарбек Акаев тургундар менен жолугушуу учурунда билдирди.
Калаа башчысынын айтымында, тергөө абагы шаар сыртына, Отуз-Адыр айылына көчүрүлөт. Имараттын бошогон ордун музей кылуу боюнча Жазаларды аткаруу кызматынын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө.
Ош мэриясынын маалыматында, көп жылдар бою тергөө абагы болуп кызмат кылып келген бул имарат тарыхый мааниге ээ. Аны 1890-жылдары Алымбек Датка менен Курманжан Датканын уулу Камчыбек кербен сарай катары салдырган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом