Минкаб Энергетика министрлигине күз-кыш мезгилине даярдыкты октябрга чейин аяктоону тапшырды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Энергетика министрлигине оңдоо-калыбына келтирүү иштерин өз убагында бүткөрүүнү, энергетикалык ишканаларды көмүрдүн керектүү запасы менен камсыз кылууну жана 2026-жылдын октябрына чейин күз-кыш мезгилине даярдыкты толук аяктоону тапшырды.
Минкабдын басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргызстандын экономикасын жана калкын 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча республикалык штабдын жыйыны өттү.
Маалым болгондой, кеңешмеге мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жетекчилери, президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ошондой эле тармактык мекемелердин жана ишканалардын өкүлдөрү катышты.
Энергетика министрлиги суу ресурстары боюнча кырдаал, электр энергиясы менен камсыздоо жана отун-энергетикалык комплексинин жылытуу мезгилине даярдыгы тууралуу маалымат берди.
Болжолдоолорго ылайык, 2026-жылы өлкөдө электр энергиясын керектөө 19,6 миллиард киловатт-саатты түзөт. Бул көлөмдүн 15,5 миллиард киловатт-саатын өлкө ичинде өндүрүү, ал эми дагы 4,1 миллиард киловатт-саатын импорттоо пландалууда.
Ошол эле учурда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү азыр өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу төмөн экени белгиленди. Буга байланыштуу жыйындын катышуучулары суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, электр энергиясын ички керектөөдөгү чектөөлөрдү сактоо жана гидро, жылуулук электр станцияларында оңдоо иштерин өз убагында аяктоо зарылдыгын баса белгилешти.
Штабдын маалыматы боюнча, жылытуу мезгилинен өтүү үчүн республикага 45,5 миң тонна мазут жана 3 млн 408,5 миң тонна көмүр керектелет. Отун ташуу иштери графикке ылайык жүргүзүлүүдө, тендердик процедуралар жана келишимдерди түзүү уланууда. Ошондой эле республиканы жаратылыш газы менен камсыздоону кеңейтүү үчүн газдаштыруу жана объектилерди долбоорлоо иштери жүрүп жатат.
Мындан тышкары, катышуучулар Бишкек, Ош шаарларынын жана аймактардын жылуулук менен камсыздоочу ишканаларынын даярдыгын, ошондой эле бюджеттик уюмдарды отун менен камсыз кылуу маселесин карашты.
Жыйынды жыйынтыктап жатып, Эрлист Акунбеков жылытуу мезгилине сапаттуу даярдык көрүү үчүн министрлердин, президенттин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, мэрлердин, акимдердин, муниципалдык ишканалардын жана энергетикалык компаниялардын жетекчилеринин жеке жоопкерчилиги бар экенин эскертти.