«Манас Ордо» комплексинде жаңы курулган жана оңдолгон объектилер пайдаланууга берилди
Бүгүн, 11-сентябрда, президент Садыр Жапаров Талас облусундагы «Манас Ордо» улуттук комплексинин жаңыланган жана курулган объектилеринин ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, комплекстин аймагында 200 орунга ылайыкталган, аянты 2 676 чарчы метр болгон Конгресс-холл курулган. Келгендерди кабыл алуу үчүн зыяратчылар үйү, беш коттедж жана банкеттик зал пайдаланууга берилди. Ошондой эле жалпы аянты 531 чарчы метрди түзгөн административдик корпус тургузулган.
«Манас» музейинин аянты 1 090 чарчы метрге чейин кеңейтилип, экспозицияга «Манас» эпосу менен катар «Семетей» жана «Сейтек» эпостору киргизилген. Объектке санариптик жана голографиялык жабдуулар орнотулган.
Ошондой эле массалык иш-чараларды өткөрүү үчүн 3 миң орундуу, аянты 2 миң 752 чарчы метрди түзгөн жабык трибуна реконструкцияланган. Мындан тышкары, кол өнөрчүлүк буюмдарын сатууга арналган 351 чарчы метрлик сувенир дүкөндөрү курулган.
«Манас Ордо» комплекси 1976-жылы Манастын күмбөзүнүн айланасында адабий-этнографиялык музей катары түзүлгөн. 2001-жылы комплекске «улуттук» макамы берилген.








