Кыргызстанда үч жылда баалар дээрлик 22% кымбатташы мүмкүнМинистрлер Кабинети 2027-жылы Кыргызстандын ИДПсы 2,7 трлн сомго жетерин болжолдоодоТокмокто улгайган аялды өлтүрүүгө шектелип 28 жаштагы эркек киши кармалдыКР Министрлер кабинети алюминий сыныктарын, анын ичинде ЕАЭБге чыгарууга тыюу салууну сунуштоодоБишкек мэри Жапаровдон эмне үчүн тил укканы жана президент менен туугандыгы тууралуу имиштер боюнча жооп бердиЭр-Рияддагы аэропортко экинчи жолу чабуул жасалды. Кыргызстандын ТИМи соккуларды айыптады
Айыл чарба министрлигинде Ош жана Баткен облустарынын багбандары менен МЖӨ долбоорлору талкууланды
11.09.2026 | 14:13

Айыл чарба министринин орун басары Асылбек Сатывалдиев 11-сентябрда Ош жана Баткен облустарынан келген багбандар менен жолугушту. Тараптар тармактын учурдагы абалын жана тармактык долбоорлорду ишке киргизүү үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) механизмин колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгышты.
Дыйкандар түшүм жыйноо көлөмүн көбөйтүү, жер-жемиштерди кайра иштетүүчү ишканалардын кубаттуулугун кеңейтүү жана продукцияны сатуу каналдарын уюштуруу боюнча сунуштарын беришти.
Кеңешменин жыйынтыгы боюнча катышуучулар багбанчылык тармагында МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу боюнча сунуштардын тизмесин түзүп, түштүк аймактарынын аграрийлери менен кызматташуу тартибин аныкташты.
Теги: минсельхоз