Өзбекстан Кыргызстанда унаа чыгаруучу завод курат

Өзбекстан Кыргызстанда унаа чыгаруучу завод курат

Жогорку Кеңештин 15-марттагы жыйынында 2023-жылдын 27-январында “Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Өзбекстандын өкмөтүнүн ортосундагы Кыргызстанда автомобиль жана коммерциялык техника өндүрүшүн уюштуруу боюнча кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Жыйында баяндама жасаган экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Усенбекова белгилегендей, Өзбекстандын президенти Ш.М. Мирзиеевдин 2023-жылдын 26-27-январында Кыргызстанда болгон мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Өзбекстандын өкмөтүнүн ортосунда Кыргызстанда автомобиль жана коммерциялык техника өндүрүшүн уюштуруу боюнча кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюлган.

Тагыраагы, аталган макулдашуунун алкагындагы долбоор үч этап менен ишке ашырылат:

  1. Кыргызстанда 500 жаңы жумуш ордун түзүү менен 10 000 даанага чейин автоунаа өндүрүшүн SKD (ири түйүндүү чогултуу) методу менен уюштуруу;
  2. 1000 жаңы жумуш ордун түзүү менен 4-5 жылга 20 000 даана автомобилдерди чыгаруу жана автокомпоненттерди өндүрүү;
  3. SKD  өндүрүшүнөн кийин 6-жылы СKD (майда түйүндүү чогултуу) өндүрүшүн уюштуруу, бардыгы 30 000 бирдик автомобиль.

Талкуу маалында депутат Жусупбек Коргонбай уулу заводду иштетүүдө ата мекендик өндүрүштөн чыккан жабдууларды да пайдаланууга чакырып, макулдашууда ушул маселе эске алынышы керектигин белгиледи.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору бардык фракциялардын жана депутаттык топтордун оң корутундусуна ылайык, үч окууда добуш берилип, кабыл алынды.

Кыргыз-өзбек автозаводу быйыл ишке кирет. Кандай унаалар чыгарылат?

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>