Александр Смирнов: Курумдуда сөөктөр табылды — булар дайынсыз жоголгон альпинисттер болушу ыктымалОрусиялык стример Leva2k түз эфирде Кыргызстандагы Ленин чокусун багындырдыБишкек мэриясы даракты бетондоп салган ижарачы менен келишимди бузатКурумдыдагы альпинисттерди издөө: кара түстөгү караандар таш болуп чыктыЕККУ ЖККУ менен өз ара аракеттенүүнү калыбына келтирүүгө ниеттенүүдө — Таалатбек МасадыковМыктыбек Оролбай уулу карьерасында биринчи жолу UFC 330 турниринде мөөнөтүнөн мурда жеңилди
Өзбекстанда электр энергиясы менен камсыздоо толук калыбына келтирилди
28.01.2022 | 14:24
Өзбекстандын Энергетика министрлиги 27-январь күнү кечке карата өлкөнүн бардык аймактарын электр энергиясы менен камсыздоо толук калыбына келтирилгенин билдирди.
Расмий маалыматтарга караганда, Туракурган ЖЭБинен башка өлкөдөгү бардык электр станциялар кадимки режимде иштеп жатат.
“Маал-маалы менен өчүрүү болбошу үчүн жарандарды өзгөчө зарылчылык жок учурларда кошумча электр жылыткычтарды күйгүзбөөгө чакырабыз”, — деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө.
Мекеме 27-январга карата өлкөнү газ менен камсыз кылуу да толук калыбына келтирилгенин кошумчалады.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар