Өзбекстанда окуучуну сабаган мугалим иштен алынды

Өзбекстанда окуучуну сабаган мугалим иштен алынды

Самарканд облусунун Пайарык районунда 8-класстын окуучусун сабаган математика мугалими иштен алынды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлашты.

Маалыматка караганда, мугалим окуучу баланы кечигип келгени үчүн таякча менен сабап, анын буттары көгала болгон.

Кийинчерээк Самарканд облустук элдик билим берүү башкармалыгы атайын түзүлгөн жумушчу топ менен биргеликте окуучунун апасынын кайрылуусун карап чыккан. Жыйынтыгында мугалимге карата дисциплинардык чара көрүлүп, ал иштен алынган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>