Өзбекстанга өтүп кеткен бир үйүр жылкы Кыргызстанга кайтарылды. Бул туурасында Чек ара кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, Ала-Бука районунун Кош-Алмурут айылынын тургуну К.Ж.нын 20 баш жылкысын Кыргызстанга өткөрүп берүү үчүн Чек ара кызматы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жыйынтыгында коңшу өлкөнүн тиешелүү органы жылкыларды өткөрүп берген.
Видео аркылуу жылкылардын ээси ыраазылык билдирген.