Бишкек мэриясы: бак-дарактар менен гараждар түгөндү, эми балкондорго киришти

Бишкекте борбор калаанын мэриясы мыйзамсыз курулган балкондорду демонтаждоону (бузууну) улантууда. Бул аракеттин максаты катары имараттардын фасаддарын бирдиктүү архитектуралык көрүнүшкө келтирүү, курулуш нормаларын сактоо жана мыйзамсыз пландаштырууларды жоюу экени айтылууда.
Белгилей кетсек, баштапкы этапта иштер борбордун негизги көчөлөрүндөгү — Байтик Баатыр көчөсү, Чүй жана Чыңгыз Айтматов проспектилериндеги үйлөрдө жүрүп жатат.
Мэриянын бул «сооптуу» идеясынын эмнеси туура эмес экенин териштирип көрөлү.
«Жакшылыкты» күчтөп таңуулаган мэрия
Калыстык үчүн айта кетсек, шаардыктардын пикири экиге бөлүндү: бир тарап мындай конструкциялар үйлөрдүн сырткы көрүнүшүн бузуп, архитектурасын жаман көрсөтүп, коркунуч жаратат деген жүйө менен аларды бузууну колдошууда. Экинчи тарап болсо, борбордук көчөлөрдү караган айнектелген балкондор ызы-чуудан, чаңдан сактап, батирлердин жылуулугун кармап турарын айтышат.

Анын үстүнө, аталган көчөлөрдүн боюндагы «сталинка» жана «хрущевкалардын» эскилигин жана алардын өтө кичинекей (микроскопиялык) ашканаларын эске алганда, айнектелген жана кеңейтилген балкондор көбүнчө ашкана буюмдары жана башка тиричилик оокаттары үчүн кампанын милдетин аткарат.
Мындан тышкары, мындай үйлөрдө негизинен пенсионерлер жана жаңы элиталык турак жайлардан үй сатып алууга чамасы жетпегендер жашайт. Жумшартып айтканда, митингге чыкпай турган жана жол тоспой турган адамдар.

Социалдык тармактардын бир колдонуучусу жазгандай: «Эми элдин эмне менен, кантип жашап жатканын көрөбүз: казан-аяктарды, эски-уску кийим-кечелерди, кыскасы, балкондордун кооз фасаддарынын артына тыкан катылган нерселердин баарын көрөбүз».
Анан дагы, эгер бул үйлөр баары бир келечектеги реновацияга туш келсе, балкондорду бузуп, талкалоонун эмне кереги бар? Шаардыктарды көк бет мыйзам бузуучулардай көрүп, анчалык таарынтуунун эмне кажети бар эле?
Негизи, муниципалдык чиновниктердин эмгегин баалаш керек — алар бузуу, талкалоо, кесүү, бетондоо менен байланышкан иштердин баарына дайыма жан үрөп киришишет. Эң кызыгы — буга аргумент катары: «бул шаарга жана шаардыктарга абадай керек» деген сөздөр көп айтылат.
ММКлар мурда жазгандай, 2019-жылы Түгөлбай Ата (мурдагы Линейная) көчөсүндөгү гараждарды бузууда да ушундай болгон.

Анда мэрия Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана ардагерлери мүчө болгон «Васюки» жана «Ветераны» кооперативдерин түрттүргөн. Ал эми шаар бийлиги өз аракеттерин «Бишкектин көчө-жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун экинчи фазасын ишке ашыруунун алкагында темир жолду бойлой жол куруу менен негиздеген.
Кызыгы, бузула турган объектилердин тизмесине унаа жуучу жай, бир нече жеке үйлөр жана мейманканалар, турак эмес жай, завод жана үч гараж кооперативи кирген. Ырас, бул үчүн муниципалитетке соттошууга туура келди, анткени менчик ээлери курулушка уруксатты расмий түрдө алышкан эле.
Албетте, соттук териштирүүлөр шаар тургундарынын пайдасына чечилген жок жана мэрия бардык курулуштарды түрттүрүп салды. Учурда короодо 2026-жыл келип калды, бирок ал аймакта жол курулган жок — анын ордуна эки көп кабаттуу үй пайда болду.
Бир-эки жылдан кийин, 2022-жылы мэрия буга чейин сыналган схема менен кетти, бирок бул ирет кеп 11-кичи райондо 1972-жылдан бери иштеп келген гараж кооперативи жөнүндө болуп жаткан.
Анда менчик ээлери өз мүлкүн коргоп, расмий уруксат кагаздарын көрсөтүп, адилеттүүлүккө чакырып, ал тургай муниципалдык чиновниктер жана аларга жардамга келген милиция кызматкерлери менен мушташууга чейин барышкан.

Бирок бул учурда да сот шаардыктардын тарабын алган жок — ал Кыргыз ССРинин Эмгекчилер депутаттарынын Фрунзе шаардык кеңешинин аткаруу комитетинин гараж кооперативин түзүү жөнүндө чечимдерин жараксыз деп тапты.
Унаа токтотуучу жайды тез арада куруу үчүн жасалган бул укуктук баш аламандыкты мэрия кайрадан эле шаардыктарга жана алардын кызыкчылыктарына болгон «камкордук», ошондой эле кезектеги шылтоо — шаардык жолдордогу тыгынды азайтуу зарылдыгы менен негиздеди.

Курулуп бүткөн көп кабаттуу унаа токтотуучу жай канча кабат экенин үч жолудан тапкылачы? Туура жооп — бир дагы. Ал жок. Анын ордуна бул жерде Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) программасы боюнча көп кабаттуу үйлөр курулуп жатат.
Баса, бирдиктүү архитектуралык көрүнүштү сактоо жана мыйзамсыз курулуштар менен күрөшүү зарылчылыгы жөнүндө сөз кылганда, Ататүрк паркынын тарыхын эстебей коюуга болбойт.

Шаардык бийликке бир гана менин суроом бар окшойт: эмне үчүн 60тан ашык жеке үйлөр жана көп кабаттуу үйлөр жайгашкан бул парктагы жер басып алгандарга карата мынчалык чечкиндүү аракет кылган жоксуздар?
Шаар бийлиги менчик ээлери паркты реконструкциялоого каражат (жеке үйлөрдүн ээлери сотугуна 4,5 миң доллардан, ал эми батир ээлери 1 миң доллардан) төлөп берүү шарты менен курулган объектилердин көбүн бузбоо чечимин кабыл алды. Ошол эле учурда айрым коммерциялык же бүтө элек объектилерди бузуу маселеси ушул күнгө чейин чечиле элек.

Же болбосо, Бишкектин тегерегиндеги жер басып алгандарды мисалга алалычы? Эмне үчүн алар менен гараждары бузулган мыйзамга баш ийген жарандардай эле чечкиндүү, кесе жана орой мамиле кылышкан жок?
Тескерисинче, басып алуучуларга дайыма колдоо көрсөтүлдү: акырындап мектептер курулуп, көчөлөргө асфальт төшөлүп, суу, электр энергиясы киргизилип, эми болсо курулуштары мыйзамдаштырылып, аларга мунапыс (амнистия) да берилди.
Анда өзүнүн маңдай тери менен тапкан акчасына балкондорун жылуулап, айнектеп алган жана мамлекеттен бир сантиметр да жер уурдабаган адамдарга да ырайым кылбайсыздарбы.
Албетте, коопсуздук жөнүндөгү аргумент колдонулушу мүмкүн, бирок жер басып алгандар да өз үйлөрүн мүрзөлөрдөн же жогорку чыңалуудагы электр линияларынан (ЛЭП) анча алыс эмес жерлерге куруп алышкан да. Ошондой эмеспи?

Мыйзам бузууну кубаттоо керек деп эч ким айткан жок, бирок эмнегедир жаза бардык эле мыйзам бузуучуларга жете бербейт — шаардык бийлик өзгөчө өжөр бузуучулар менен сүйлөшүп, келишимге келүүнү туура көрөт.
Акылсыз баш колго тынчтык бербегенде
Муниципалитеттин Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги үйлөргө кирүүчү жолдорду толугу менен жаап салуу идеясын элдик даанышмандыкты ушинтип өзгөртүп гана атоого болот. Эсиңиздердеби?

Жакын жайгашкан үйлөрдүн жашоочулары чиновниктерге канчалаган кайрылууларды жасап, түшүндүрүп, талкуулашты, бирок мэрия көгөрүп турду.
Ал экинчи даражадагы көчөлөрдөн Айтматов проспектисине кирүү жана чыгуу каралбаган жаңы Башкы планды калкан катары карманды. Шаардыктарга альтернативдүү (башка) жолдор жөнүндө жаттап алгандай кайталай беришти, бирок ал жолдор бомба түшкөндөй талкаланып жатканы тууралуу муниципалитет унчуккан жок.
2025-жылдын декабрь айында турак жай комплекстеринин биринде өрт чыгып, өрт өчүргүчтөр ага жете албай калганда маселе курчуду. Андагы кадрлар социалдык тармактарга тарап кетти. Ал эми тез жардам унаалары альтернативдик талкаланган жолдордо адашып, жете албай калган учурлар канча ирет интернетке чыкпай калды? Мындай учурларда ар бир мүнөт алтынга тете да...
Ошентип, 2025-жылдын май айында жаңыланган Айтматов проспектисинин бөлүгүндө — Масалиев проспектисинен Семетей көчөсүнө чейин — «Фрунзе» турак жай комплексине жана «Ала-Арча» соода борборуна эки кире бериш жол кайрадан ачылды.

Баса, жергиликтүү ММКлар билдиргендей, бул үчүн биринчи турак жай комплексинин жанындагы сегиз жана соода борборунун жанындагы бир дарак кыйылды, бирок реконструкцияга чейин бул имараттарга кирүүчү жолдор бактарды кыйгап өткүдөй салынган болчу.
Бул дагы чекит эмес — жаңы кире бериш жолдор ушунчалык кызыктай бурч менен жасалгандыктан, мисалы, эки унаа жанаша өтүшү үчүн, айдоочулар виртуоздук маневр жасоо кереметтерин көрсөтүүгө аргасыз болушат.
Мэриянын катуу тиричилик калдыктарын (КТК) так саат 18:00дөн 24:00гө чейин гана чыгаруу боюнча сонун идеясын ким унутту? Муниципалитет бул чечимин күндүзгү убакта таштанды чыгаруу «Тазалык» муниципалдык ишканасынын атайын техникалары үчүн өтө кыйын экендиги менен түшүндүргөн.
Ошондой эле, тургундары таштандыны так белгиленген убакта гана чыгарууга милдеттүү болгон дүйнөнүн ири шаарларынын тажрыйбасы аргумент катары келтирилген.
Белгилей кетсек: шаардыктар анда бул жаңычылдыкка ишенбестик менен мамиле кылышкан. Ачык эле айталы — алар таштанды челектери толгон сайын жана көнгөн адаты боюнча муниципалитеттин графиги менен эмес, «жолдо баратып» эле таштоосун уланта беришти.
Баса, процессти көзөмөлдөө үчүн шаар бийлиги адамдын жүзүн таануучу видеокөзөмөл камераларын орнотобуз деп коркуткан… Расписание киргизилгенден бери канча “кечигип калган адам” аныкталганы боюнча маалымат барбы деги?
Коюңузчу — бул такыр башка нерсе да…
Мамлекет салык төлөбөгөндөргө ыктай берип, салык декларациясын тапшырбагандарга, унаасын камсыздандырууну убагында жол-жоболоштурбагандарга кечирим кылганы, 2023-жылдын аягында негизги карызын төлөгөндө электр энергиясы үчүн туумдарды (пеняны) кечип салган учурлары эч эстен кетпейт.
Же болбосо абхаз жана армян номерлүү оң рулдуу унаалар менен болгон көп жылдык жана көп азаптуу эпопеяны алалы.
Эске салсак, 2021-жылдын март айында борбордук Ала-Тоо аянтына чогулган 50дөй айдоочу президент Садыр Жапаровго кайрылып, көйгөйлөрүн чечип берүүнү талап кылышкан.
Алар Кыргызстанга киргизилип келген унааларды МЫЙЗАМДАШТЫРУУ керек деп караманча туруп алышкан.
Митингдин активдүү катышуучулары уялбай эле ММКларга өлкөдө 7 миңдей мындай унаа бар экенин, ал эми сатып алууда схеманын мыйзамсыздыгы тууралуу эч ким эскертпегенин айтышкан. Алар президенттен жана ошол кездеги өкмөттөн куугунтукту токтотууну, айып короосунан алынган унааларды кайтарып берүүнү жана алардын өлкө боюнча мыйзамдуу жүрүүсүнө уруксат берүүнү же амнистия жана кайра каттоону жүргүзүүнү талап кылышкан.
Оң рулдуу унааларды Кыргызстанга алып келүүгө жана каттоого тыюу салынганы тууралуу эч ким эскерткен эмес деп, митингчилер жумшартып айтканда, калп айтышкан. Анткени Кыргызстанда бул тыюу 2015-жылдын 4-июнунда күчүнө кирген, ал эми мыйзамдын өзүнө ошол кездеги президент Атамбаев андан да эрте — 2015-жылдын 26-февралында кол койгон.
Анысы аз келгенсип: президент кол коёр алдында демилге депутаттар тарабынан да талкууланган. Ал эми мыйзам долбоорунун демилгечиси — ИИМ — тыюу салуу тууралуу документти парламентке андан да эрте — 2014-жылы киргизген.
Оң рулдуу унааларга жакында тыюу салынары тууралуу маалымат ал кезде бардык жерде айтылып жаткан: теманы мындай унаалардын ээлери жана таксисттер гана эмес — коомчулук социалдык тармактарда мындай машиналардын кооптуулугу жөнүндө кызуу талашып, ал эми депутаттар парламент дубалдарында кырылышкан.
Анда кыска мөөнөттүү келечекте бийлик менен айдоочулар убактылуу мунасага келе алышты — рейддер токтотулуп, унааларга убактылуу жүрүүгө уруксат берилди.
Бирок көйгөй дагы бир нече жыл чечилбей турду жана абхаз, армян жана орус каттоосундагы унааларды легалдаштыруу маселесине бир топ кийинчерээк акыркы чекит коюлду: 2025-жылдын апрелинен октябрына чейин Кыргызстанда чет элдик унааларды легалдаштыруу боюнча масштабдуу мамлекеттик өнөктүк өткөрүлдү.
Ээлерине транспортту мамлекеттик реестрге жеңилдетилген тарифтер менен каттоого уруксат берилип, ал эми калган мыйзамсыз унаалар мыйзам боюнча сыртка чыгарылууга же утилдештирилүүгө тийиш болду.
Кайра айныган жаңы чечимдерден
Бир жума мурун шаар бийлиги бишкектиктерге Киев көчөсүн модернизациялоо башталып жатканын маалымдады. Жаңы Башкы планга ылайык, 2050-жылга чейин борбордун бул негизги жол артериясы дээрлик толугу менен жөө адамдар үчүн гана болушу керек эле.
Планда жөө адамдар жүрүүчү тилкенин узундугу 3,3 чакырымды — Бейшеналиева көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейин түзөрү, ошол эле учурда Киев көчөсүндө коомдук транспорттун кыймылы каралганы көрсөтүлгөн.
Бирок төрт күндөн кийин эле мэрия чечимин өзгөртүп, модернизациядан кийин көчө жөө адамдар жана коомдук транспорт үчүн гана эмес, башкаларга да ачык болорун билдирди. Вице-мэр Рамиз Алиевдин айтымында, көчөдө автоунаалардын кыймылы сакталып калат.

Сакталбай анан: бул тилкеде ушунча соода борборлору, чакан жана орто бизнестин, социалдык объектилердин ушунчалык көп концентрациясы жайгашкан да…
Президенттик шайлоого жарым жыл калганда бул шаардыктардын кандай нааразычылыгын жана кандай ыңгайсыздыктарды жаратышы мүмкүн экенин элестетүү да коркунучтуу.
Ал эми гараж кооперативдеринен айрылган бечара пенсионерлер менен ардагерлерден, балкондору бузулган «хрущевкалардын» жашоочуларынан эмнеге коркуш керек эле? Алар көчөлөрдү тосушпайт, шаардын ишин токтотушпайт, экономикалык тобокелдиктерди жаратышпайт жана, мисалы, чиновниктерге төрт күндүн ичинде чечимди кайра карап чыгууну кыйыта алышпайт.
Ошондуктан, балким, шаардык демилгелердин айрымдарын талкуулоого, оңдоого жана кийинкиге калтырууга болот экен да, ал эми башкалары ушунчалык шашылыш болгондуктан, сүйлөшүүгө убакыт калбай калат окшойт.
Анара Мамытова