15-июнь: Кыргызстанда абанын температурасы +38°C чейин көтөрүлөт, аптаптуу ысык жана күн күркүрөшү күтүлөт

Бүгүн, 15-июнда, Чүй облусунун басымдуу бөлүгүндө, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирет.
Маалыматка ылайык, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бийик тоолуу жолдордо тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метр, күндүз айрым жерлерде 15–20 метрге чейин күчөшү мүмкүн.
Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча:
- Чүй облусунда түнү +18…+23°C, күндүз +33…+38°C;
- Талас облусунда түнү +13…+18°C, күндүз +29…+34°C;
- Ош облусунда түнү +19…+24°C, күндүз +33…+38°C;
- Жалал-Абад облусунда түнү +19…+24°C, күндүз +33…+38°C;
- Баткен облусунда түнү +19…+24°C, күндүз +33…+38°C;
- Ысык-Көл облусунда түнү +11…+16°C, күндүз +24…+29°C;
- Нарын облусунда түнү +8…+13°C, күндүз +24…+29°C.
Бишкекте түнү жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метр, күндүз 14 метрге чейин күчөйт. Абанын температурасы түнү +20…+22°C, күндүз +35…+37°C болот.
Чолпон-Атада кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метр. Абанын температурасы түнү +12…+14°C, күндүз +25…+27°C болот.