Манасчы, бүркүттөр жана боз үйлөр: Грузиянын премьер-министрин Ысык-Көлдө кандай тосуп алышты — сүрөт

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе бүгүн, 13-июнда, Грузия өкмөт башчысынын өлкөгө болгон расмий сапарынын алкагында уюштурулган этномаданий программа менен таанышты. Бул тууралуу КР мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бостери айылындагы «Номад» этнокомплексинде меймандарды добулбастын коштоосунда кыргыз маданиятынын каада-салттарын, мүнүшкөрлүк өнөрүн жана элдин жоокердик мурасын чагылдырган этнографиялык көрсөтүүнүн катышуучулары тосуп алышты.

Андан соң кыскача концерттик программа тартууланып, анын жүрүшүндө төкмө акын конокторго арнап саламдашуу сөзүн айтты.

Ошондой эле мамлекет башчылары кыргыз элинин салттуу жашоо-тиричилигин чагылдырган боз үй шаарчасына барышты. Алар комуз жасоо процесси, улуттук музыкалык аспаптардын көргөзмөсү, ошондой эле кийизден жасалган буюмдар, күмүш жасалгалар, чопо идиштер жана темир устачылык сыяктуу салттуу элдик кол өнөрчүлүк менен таанышты.

Комплекстин боз үй шаарчасында «Манас» эпосунан үзүндү айткан манасчынын өнөрү тартууланды.

Этномаданий программанын соңунда мамлекет лидерлерине улуттук ат оюндары жана салттуу аңчылык түрлөрү, анын ичинде бүркүт салуу, кыз куумай, жигитовка, жаа атуу жана каскадёр-атчандардын парады көрсөтүлдү.


