«Падышадай жашаган». Кызматтан алынган элчи менен министрлик кайым айтышууда

«Падышадай жашаган». Кызматтан алынган элчи менен министрлик кайым айтышууда

Тышкы иштер министрлиги менен Кыргызстандын Пакистандагы мурдагы элчиси Уланбек Тотуяевдин ортосунда кайым айтышуу жаралды.

Дипломат иштен алынгандан кийин жергиликтүү медиага маек берип, отставкасынын себебин түшүнбөй жаткандыгын жана анын негизсиз экендигин айтты.

«Министр менен анын орун басары Атаханов Абазбек Койлубаевичтин, эки адамдын сунуштамасынын негизинде президенттин буйругу чыкканын билип турам», — дейт экс-элчи.

Тышкы саясатка жооптуу мекеме мурдагы элчинин дооматтарына дароо жооп берди. Маалыматта Пакистандагы дипломатиялык өкүлчүлүктүн жамааты элчиге чара көрүү өтүнүчү менен кайрылганы кабарланат.

«Ал кызматкерлердин укуктарын одоно бузуп, ыйгарым укуктарынан тыш көрсөтмөлөрдү берип, аларга этикага туура келбеген мамиле жасап, күнүмдүк көйгөйлөрүн чечпей, жашоого ылайыксыз шарттарды түзүп берип, жатакана тибиндеги тар батирлерде жашоого мажбурлап келген. Ошол эле учурда, ал өзү үй-бүлөсүнүн коопсуздук чараларын күчөтүп, бардык шарттары түзүлгөн, кароолчулар тарабынан кайтарылган өзүнчө резиденцияда, «падышалык» шартта жашаган», — дейт министрлик.

Элчиликке төрт унаа бөлүнгөн болсо, алардын экөөсүн Тотуяев өзү жана жубайы пайдаланып келген.

Тышкы иштер министрлиги Тотуяевдин медиага берген маегиндеги маалыматтар компетенттүү органдарды кызыктырышы мүмкүндүгүн белгилейт.

«Анткени ал купуя маалыматтарды ачыкка чыгарбоого макул болуп, кол койгон. Жарандарыбыздын ишенимине шек келтирген шалаакы жана абийирсиз кызматкерлерден тазалоо боюнча ишти ырааттуу түрдө уланта берет», — дейт министрлик.

Бишкектеги тополоң. Кыргызстандын Пакистандагы элчиси кызматтан алынды

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>