ПАСЕде Кыргызстан жаш, динамикалуу өнүгүп жаткан мамлекет деп аталды

29.06.2026 | 17:04
В ПАСЕ Кыргызстан назвали молодым и динамично развивающимся государством — Новости Кыргызстана

Кыргызстан саясий, социалдык жана институттук реформаларда ырааттуу прогрессти көрсөтүп жаткан жаш, динамикалуу өнүгүп жаткан мамлекет. Мындай бааны Кыргыз Республикасы боюнча Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын (ПАСЕ) баяндамачысы, Франциянын Улуттук жыйынынын депутаты Мариетта Караманли берди.

Бул билдирүү Франциянын Страсбург шаарында өткөн ПАСЕнин жайкы сессиясында айтылды. Сессиянын ишине Жогорку Кеңештин депутаты Сеидбек Атамбаев катышты.

Сессиянын алкагында Мариетта Караманлинин Кыргыз Республикасы боюнча баяндамасы өзгөчө көңүл борборунда болду. Ал өз сөзүндө Кыргызстандын Европа Кеңеши жана ПАСЕ менен кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө, анын ичинде «Демократия боюнча өнөктөш» макамын алууга кызыкдар экенин белгиледи. Анын айтымында, бул демилге жыйындын катышуучулары тарабынан оң кабыл алынды.

Мындан тышкары, Сеидбек Атамбаев ПАСЕнин Саясий маселелер жана демократия боюнча комитетинин, ошондой эле Юридикалык маселелер жана адам укуктары боюнча комитетинин жыйындарына катышты. Анда эл аралык саясат, демократиялык институттарды чыңдоо, мыйзам үстөмдүгү жана адам укуктарын коргоо маселелери талкууланды.

Сессиянын алкагында депутат Мариетта Караманли, ошондой эле Польша жана Түркиянын парламент өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө өз ара кызыкдар экенин ырасташты.

Scroll to Top