Паспорт, айдоочулук күбөлүк эми смартфондо. Өкмөттүн жаңы чечими

Паспорт, айдоочулук күбөлүк эми смартфондо. Өкмөттүн жаңы чечими

Министрлер Кабинетинин кезектеги отурумунда санариптик документтер Кыргызстандын бүткүл аймагында юридикалык мааниге ээ деп таанылган чечим кабыл алынды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жарандар смартфондорундагы «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, кызмат адамдарына, юридикалык жана жеке жактарга документтерди санариптик форматта көрсөтө алышат.

Санариптик документтердин негизги артыкчылыгы – колдонуунун оңойлугу жана убакытты үнөмдөө.  Белгилей кетсек, бүт санариптик документ процесси коопсуздукту күчөткөн.

Учурда «Түндүк» мобилдик тиркемесинде төмөнкү документтер бар: паспорт, айдоочунун күбөлүгү, унаанын каттоо күбөлүгү. Жакынкы убакта башка документтер да кошулат.

Санариптик документти колдонуу үчүн жаранга төмөнкүлөр керек: Бирдиктүү идентификация системасында авторизациялануу (булуттук электрондук цифралык кол тамганы Калкты тейлөө борборунда бекер алуу керек), телефонго AppStore же PlayMarket аркылуу «Түндүк» мобилдик тиркемесин жүктөп алуу, электрондук санариптик кол тамганы колдонуу менен мобилдик тиркемеге кирип, «Санариптик документтер» бөлүмүнө өтүү зарыл.

Министрлер кабинетинин санариптик документтерди таануу жөнүндө чечими 30 күндөн кийин күчүнө кирет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>