Бийлик өкүлдөрү Ысык-Көлдүн тургундары менен жолукту

Бийлик өкүлдөрү Ысык-Көлдүн тургундары менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, башкы прокурор Курманкул Зулушев жана ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов 19-ноябрда Ысык-Көл облусунун эли менен жолугушту.

ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, мамлекеттик бийлик өкүлдөрү өлкө башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрында укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүн жана калктын жашоо-турмушун камтыган маселелери боюнча Каракол шаарынын жана Ак-Суу районунун тургундары менен жолугушууну өткөрүүдө.

Жолугушууга 800дөн ашык жарандар келди. Алар сугат жана ичүүчү суу, медициналык кызмат көрсөтүү, жеке менчикке өткөн бала бакчалардын имараттары, билим берүү, узак соттук териштирүүлөр, жолдорду оңдоо жана жаңы жолдорду куруу маселелери айтылды.

Мындан тышкары, жарандар башкы прокурор Курманкул Зулушев менен ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосуновдон жарандардын укуктарын бузууга жол бербөөнү жана мыйзам чегинде арыздарды, даттанууларды текшерүүнү жана жеке көзөмөлгө алууну суранышты. Арыздарды кароодо бюрократиялык көрүнүштөр жана создуктуруу фактылары орун алып жатканы белгиленди.

Адылбек Бийбосунов бул маселеге өзгөчө көңүл бурулуп жатканына ишендирди. Министрликтин аймактык бөлүмдөргө койгон негизги талаптарынын бири — кыргызстандыктардын арыздарын жана даттанууларын кароодо сапаттуулук жана  кесипкөйлүк болуп эсептелинерин белгиледи.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>