Ош облусунда жер көчкү активдешип, 11 адам эвакуацияландыКочкор бекетинен Бишкек ЖЭБине алгачкы жолу көмүр жөнөтүлөтСадыр Жапаров Сүлүктүдөгү таза суу жана жол маселелерин чечүүнү убада кылдыНепродовольственных товаров в Кыргызстане продали больше, чем продуктов питанияКыргызстандагы «Яндекс» кызматынын үзгүлтүккө учурашы бийлик үчүн сабак болушу керек — Дастан БекешевСадыр Жапаровго Лейлек району менен Сүлүктү шаарынын өнүгүү жыйынтыктары тааныштырылды
Печенье жүктөлгөн фургонду айдап качып, өтүп бараткандарга таратып берген жаран кармалды
11.08.2026 | 18:52

Ошто милиция кызматкерлери Mercedes-Benz Sprinter унаасын айдап качууга жана анын ичиндеги товарды уурдоого шектелген жаранды кармашты.
Ош шаардык ИИБден билдиришкендей, 9унан 10-августка караган түнү саат 05:30дар чамасында Абдыманап Мамыров көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин короосунда токтотулуп турган унаа уурдалган.
Тергөөнүн маалыматына караганда, шектүү унаанын эшиги кулпуланбай, ал эми ачкычы салонунда калганынан пайдаланган.
Унаанын жүк ташуучу бөлүгүндө жалпы баасы 94 миң сомду түзгөн печенье болгон. Милициянын маалыматы боюнча, ал киши кайрымдуулук кылып жатканын айтып, печеньелерди өтүп бараткандарга таратып берген. Натыйжада товардын бардыгы таратылып бүткөн.
Андан соң шектүү унааны Ноокат районунун Көк-Жар айылындагы көчөлөрдүн бирине таштап кеткен.
Тергөө иштери уланууда.