Садыр Жапаров Орусиянын аймактарына өнөр жай жана IT тармагындагы долбоорлорду сунуштадыӨзбекстан Борбордук Азиянын туристтик рыногунда сап башына чыкты — изилдөөТокмокто аялын жана балдарын сабоого шектелген жаран эки айга камалдыМинистрлик жарандарды жана туристтерди «Таш-Рабат» комплексине барбай турууга чакырдыМихаил Мишустин ЕӨАК жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келдиУлуттук банк айрым банктар накталай орус рублун албай жаткан жагдай боюнча түшүндүрмө берди
Политехтин 2 мугалими иштен айдалып, 153 студенти окуудан чыгарылды
28.03.2025 | 12:11
УКМК И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин (Политех) мугалимдерине карата козголгон кылмыш ишин тергөө аяктаганын билдирди.
Коррупциялык схема фактысы боюнча ачылган кылмыш ишинин алкагында, аталган университеттин мугалимдери С.У.Ж. жана А.А.Е. иштен айдалышты. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 346-беренесинин (кызматтык жасалмачылык) 1-бөлүгүнүн негизинде кылмыш иши козголгон.
Мындан тышкары аталган окуу жайдын 14 мугалими жана жооптуу кызматкерлери дисциплинардык жазага тартылды. Ошондой эле 153 студент окуудан чыгарылды. Алардын 112си КМШ жарандары болгон.
УКМК кылмыш ишинин материалдары сотко жөнөтүлгөнүн кабарлады.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар