Кыргызстан Америка мамлекеттеринин уюмунда туруктуу байкоочу статусун алууну көздөөдөКыргызстандык окуучулар эл аралык математика олимпиадасында ийгилик жаратыштыКасымалиев АКШнын IT-гиганты менен санариптик коопсуздук боюнча жумушчу топ түзүү тууралуу макулдаштыБишкек конуштар үчүн жаңы автобустарды сыноодон өткөрүүдөБишкекте мечиттер КМДБнын балансына өткөрүлүп берилүүдөОш шаарында үч тараптуу айланма жол курулуп жатат
Президент бюджет тууралуу мыйзамга кол койду
25.12.2019 | 09:45
Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2019-жылдын 28-ноябрында кабыл алынган.
«Аталган Мыйзам менен Кыргызстандын 2020-жылга республикалык бюджети кирешелер боюнча 163 710,4 млн. сом суммасында жана чыгашалар боюнча 171 663,9 млн. сом суммасында бекитилди, республикалык бюджетинин тартыштыгынын чектик өлчөмү 7 953,5 млн. сом суммасында белгиленди», – деп жазылат маалыматта.
Мыйзам 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика