Президент «Көгүлтүр Ысык-Көл» санаторийинин жаңы корпусун ачты

08.05.2026 | 10:00

Өлкө башчы Садыр Жапаров 7-майда Чолпон-Ата шаарында жайгашкан «Көгүлтүр Ысык-Көл» санаторийи санаторийинин 60 жылдык мааракесине жана жаңы корпусунун ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңы үч кабаттуу имарат 97 орунга ылайыкталган, ошондой эле анын ичинде бассейн жана термалдык булактар бар.

Иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө президент туризм жана санаторий-курорт тармагын өнүктүрүү өлкө үчүн артыкчылыктуу багыт экенин белгиледи. Анын айтымында, Кыргызстан уникалдуу жаратылыш мүмкүнчүлүктөрүнө ээ жана бул потенциалды элдин ден соолугун чыңдоого жана экономиканы өнүктүрүүгө пайдалануу зарыл.

Ошондой эле ал санаторийлерди президенттин Иш башкармалыгынын карамагына өткөрүү алардын өнүгүшүнө жана экономикалык көрсөткүчтөрдүн өсүшүнө оң таасир бергенин кошумчалады.

Мындан тышкары өлкө башчысы «Ысык-Ата» санаторийи, «Жети-Өгүз» санаторийи жана «Жыргалаң» курорту сыяктуу объектилерде жаңылоо иштери жүрүп жатканын, ошондой эле «Улан» балдардын ден соолукту чыңдоо борбору реконструкцияланып жатканын билдирли.

Сөзүнүн соңунда ал санаторийдин жамаатын мааракеси жана жаңы корпустун ачылышы менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.

Scroll to Top