Баалуу металлдар департаментинде коррупциянын алдын алуу боюнча семинар өттүПрокуратуранын кийлигишүүсүнөн кийин компаниянын салык карызы эсептен чыгарылдыКыргызстандагы мектептер үчүн жаңы окуу китептерине 8,5 млрд сом бөлүндү27-сентябрь: Кыргызстанда жаан жаап, шамал күчөйтСадыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачтыКыз ак калпакты өрттөп, тойлордо белек берүү салтынан баш тартууга чакырды
Жеңиштин 81 жылдыгы: Ошто мурунку көрүстөндүн аймагына «Эскерүү аллеясы» түзүлдү
08.05.2026 | 11:06

Ош шаарында Улуу Жеңиштин 81 жылдыгына карата мурунку Хохлова көрүстөнүнүн аймагына «Эскерүү аллеясы» түзүлдү. Бул тууралуу Ош мэриясы билдирди.
Иш-чаранын алкагында 81 даана ак кайың көчөтү отургузулуп, эскерүү тактайчасы орнотулду.
Бул иш-чараны шаардык мэрия, Орусиянын Ош шаарындагы Башкы консулдугу жана «Орус үйү» биргелешип уюштурган.
Иш-чара Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон баатырларды эскерүүгө, алардын эрдигин даңазалоого жана тарыхый мурасты кийинки муундарга жеткирүүгө багытталган. Ага шаар жетекчилиги, дипломатиялык өкүлдөр жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты.
Эске салсак, буга чейин шаардын Э. Алиев көчөсүндө жайгашкан Хохлова көрүстөнүндө рекультивациялоо жумуштары жүргүзүлүп, анын ордун жашыл аймакка айландыруу пландалган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом