Президент кыргызстандыктарды жаңы жылы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарга Жаңы жылга карата кайрылуусунда апрелдеги чек ара жаңжалына кайрылып, парламенттик шайлоону эске салып, өткөн жылы экономикада жана айыл чарбада ийгиликтер болгонун айтты.

«Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Узап бараткан жыл маани-маңыздуу окуяларга бай болду.

Мамлекетибиздин эртеңки өнүгүү багытын көздөгөн, ага түздөн-түз таасир этүүчү саясий чечимдер кабыл алынды. Жыл башында жаңы Конституциябыз даярдалып, коомдук кеңири талкуудан соң, жалпы элдик референдум аркылуу кабыл алынды.

Жаңы Баш мыйзамга ылайык, элибиз Президенттик башкаруу системасын тандап алды.

Жергиликтүү кеңештер, Жогорку Кеңешке шайлоо дагы жаңы Баш мыйзамдын негизинде өткөрүлүп, анын расмий жыйынтыктары жарыяланды. Ага жалпы эл-журтубуз күбө.

Эгемендүү өлкөбүздүн тарыхында канчалык сын-пикир айтылбасын, ага карабастан, алгачкы ирет таза жана ачык-айкын шайлоону өткөрө алдык. Муну эл аралык байкоочу миссиялар, дүйнөлүк кадыр-барктуу уюмдар дагы ырастады.

Эл менен буга чейинки жолугушууларда белгилегенимдей, шайлоолор — өлкөдөгү жаңы Конституция кабыл алынгандан кийинки ири саясий өнөктүктөрдүн соңкусу, анын саясий логикалык жыйынтыгы десек туура болот. Биз эч качан демократиялык дөөлөттөрдүн жолунан кайтпайбыз, анын принциптерин бекем сактайбыз!

Тилекке каршы, узап бараткан жыл адам өмүрүн алган кейиштүү окуялар менен да коштолду. Албетте, сөз нугу жаз айларында Баткен жергесинде жарандарыбыздын өмүрүн алган кайгылуу окуялар тууралуу жүрүп жатат.

Ошол күндөрдө “аскерлерибиз каякта, жалпы мобилизациялоо жүргүзүү керек” дегенге чейинки чакырыктар айтылды. Бирок биз андай кескин аракеттерге барганыбызда, бирөөлөрдүн чырагына май тамызып, балким, ушул күнгө чейин согуштун отун өчүрө албай келмекпиз.

Учурдан пайдаланып, ошол күндөрү каза болгон мекендештерибиздин жакындарына дагы бир жолу сабыр тилеп, көңүл айтамын.

Мен Кыргыз Республикасынын Президенти катары калайык-калкымды Жаңы жыл майрамы менен алгачкы жолу куттуктап олтурам.

Жаңы жыл өткөн жылга кылчая карап, “эмне иштерди аткара алдым, бул жыл эмнеси менен эсте калды” деген суроолорго жооп издөөгө, ошол эле учурда келечекке максат кылынган иштерди, ой-тилектерди, иш-аракеттерди алдын-ала болжоп алууга чоң мүмкүнчүлүктөрдү жаратат.

Узап бараткан жыл маани-маңыздуу окуяларга бай болду.

Мамлекетибиздин эртеңки өнүгүү багытын көздөгөн, ага түздөн-түз таасир этүүчү саясий чечимдер кабыл алынды. Жыл башында жаңы Конституциябыз даярдалып, коомдук кеңири талкуудан соң, жалпы элдик референдум аркылуу кабыл алынды.

Жаңы Баш мыйзамга ылайык, элибиз Президенттик башкаруу системасын тандап алды.

Жергиликтүү кеңештер, Жогорку Кеңешке шайлоо дагы жаңы Баш мыйзамдын негизинде өткөрүлүп, анын расмий жыйынтыктары жарыяланды. Ага жалпы эл-журтубуз күбө.

Эгемендүү өлкөбүздүн тарыхында канчалык сын-пикир айтылбасын, ага карабастан, алгачкы ирет таза жана ачык-айкын шайлоону өткөрө алдык. Муну эл аралык байкоочу миссиялар, дүйнөлүк кадыр-барктуу уюмдар дагы ырастады.

Эл менен буга чейинки жолугушууларда белгилегенимдей, шайлоолор — өлкөдөгү жаңы Конституция кабыл алынгандан кийинки ири саясий өнөктүктөрдүн соңкусу, анын саясий логикалык жыйынтыгы десек туура болот. Биз эч качан демократиялык дөөлөттөрдүн жолунан кайтпайбыз, анын принциптерин бекем сактайбыз!

Тилекке каршы, узап бараткан жыл адам өмүрүн алган кейиштүү окуялар менен да коштолду. Албетте, сөз нугу жаз айларында Баткен жергесинде жарандарыбыздын өмүрүн алган кайгылуу окуялар тууралуу жүрүп жатат.

Ошол күндөрдө „аскерлерибиз каякта, жалпы мобилизациялоо жүргүзүү керек“ дегенге чейинки чакырыктар айтылды. Бирок биз андай кескин аракеттерге барганыбызда, бирөөлөрдүн чырагына май тамызып, балким, ушул күнгө чейин согуштун отун өчүрө албай келмекпиз.

Учурдан пайдаланып, ошол күндөрү каза болгон мекендештерибиздин жакындарына дагы бир жолу сабыр тилеп, көңүл айтамын, — деди Садыр Жапаров.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>