Бишкекте тилемчилик кылгандарга карата рейд жүргүзүлдү

Бишкекте тилемчилик кылгандарга карата рейд жүргүзүлдү

2021-жылдын 28-декабрынан 30-декабрына чейин Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын балдар боюнча инспекторлору тарабынан «Кайырчы» профилактикалык иш-чарасы өткөрүлдү.

ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, бул иш-чара бир гана тилемчилик кылгандарды эмес, туруктуу жашаган жери жок адамдарды, ошондой эле үйдөн чыгып кеткен өспүрүмдөрдү аныктоо максатында күндүз жана түнкүсүн өткөрүлүүдө.

Өткөн суткада жашы жете электердин иштери боюнча инспекторлор тарабынан туруктуу жашаган жери жок жана кайырчылык менен алектенген 54төн ашык жаран аныкталган. Алардын бири кароосуз калган жашы жете элек бала.

Белгилүү жашаган жери жана өздүгүн тастыктоочу документтери жок жеткирилген адамдарды сүрөткө тартып, манжа изин алып, каттоого алып, мындан тышкары ар бири менен профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>