Президент мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент Сооронбай Жээнбеков мугалимдерди келе жаткан кесиптик майрамы менен куттуктады.

Өлкө башчынын куттуктоо сөзүн Улуттук филармонияда өтүп жаткан мугалимдердин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада президенттин аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев окуп берди.

«Биз билимдүү, демилгелүү жана өнүгүүгө умтулган муунду өстүрүүгө умтулабыз. Мындай ийгиликтерге жетүүдө тарбиячынын, мугалимдин, бардык деңгээлдеги кесиптик окуу жайлардын окутуучуларынын эмгеги зор.  Мамлекет билим берүү системасын өнүктүрүүгө жана педагогдордун эмгек шарттарын жакшыртууга бардык аракеттерди көрүп жатат”, — деп айтылат мамлекет башчынын куттуктоосу.

Кыргызстанда Мугалимдер күнү ар октябрдын алгачкы жекшембисинде белгиленет. Өлкөдө студенттер менен окуучуларга билим берүүнү 108 миңге жакын педагогдор камсыз кылат, анын 78 миңге жакыны мектептерде эмгектенет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>