Яндекс Кыргызстан Top Employer 2026 макамына татыдыПашинян Армениянын ЖККУдан чыгарылышы мүмкүн экендиги боюнча пикирин билдирдиБишкек мэриясы «Манас» университетинин тосмосун бузууну мыйзамдуу деп атадыНарын шаарында 100 орундуу жаңы төрөт үйү курулуудаКамчыбек Ташиевдин жана башка саясатчылардын соту эми ачык түрдө өтөрү айтылуудаГрузиянын премьер-министри Кыргызстанга алгачкы расмий сапар менен келди
Президент жакында байлыгын ачыктайт
06.12.2023 | 15:43
Кыргызстанда мүлккө мунапыс мыйзамын эч ким колдоно элек. Бул тууралуу Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген кезектеги маегинде билдирди.
Ал мүлкүн ачыктоону өзү баштап, бар байлыгынын тизмесин жарыяламакчы.
“”Баарын унуталы, өткөнгө кайрылбай артка таштайлы”, – деп айтып келебиз. Эми мындан ары жашырмай жок. Баарын ачык көрсөтүп, салык төлөп турууну сунуштадык.
Азырынча эч ким ачыкка чыгара элек. Мен өзүм баштап берейин деп жатам. Жакында менин канча мүлкүм бар экенин билесиздер”, – дейт Садыр Жапаров.
Мүлккө мунапыс мыйзамы 2023-жылдын июнь айында күчүнө кирген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом