Садыр Жапаров ШКУ мамлекеттеринин ички иштер министрлерин кабыл алды

05.06.2026 | 14:26
Садыр Жапаров ШКУга мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлери менен жолугушту

Бүгүн, 5-июнда, өлкө башчы Садыр Жапаров Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлери менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар санариптик технологиялардагы чакырыктар, маалыматтык коопсуздук жана киберкоркунучтарга каршы күрөшүү маселелерин талкуулашты.

Садыр Жапаров өз сөзүндө бул жолугушуу ШКУнун 25 жылдыгына жана Кыргызстандын уюмга төрагалык кылып жаткан учурга туш келгенин белгиледи. Ошондой эле уюм глобалдык туруксуздуктун шартында туруктуулугун сактап, ишенимди жана коопсуздукту бекемдөөчү ишенимдүү механизм болуп турарын айтты. Жапаров кылмыш дүйнөсү жасалма интеллектти жана киберчабуулдарды колдонуп жатканын белгилеп, ШКУнун институционалдык базасын бекемдөө зарылдыгын да айтып өттү.

Өз кезегинде ШКУнун башкы катчысы Нурлан Ермекбаев Кыргызстандын ШКУдагы төрагалыгын жогору баалап, Садыр Жапаровду өлкөнүн БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен куттуктады. Ал ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлеринин жыйыны кыргыз тараптын демилгеси менен кайра жанданганын белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар ШКУ мейкиндигинде коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу үчүн биргелешкен аракеттерди улантууну макулдашты.

Scroll to Top