Тууган эместер үчүн керээз боюнча мурас алуу жол-жобосун жөнөкөйлөтүү сунушталууда

09.06.2026 | 23:31

Жогорку Кеңештин депутаттары «Жарандык абал актылары жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгышты. Ал мурас маселесиндеги укуктук боштуктарды жоюуга жана жарандардын конституциялык укуктарын коргоого багытталган.

Документ жарандардын өз мүлкүн эркин тескөөгө, анын ичинде аны жакын тууган эмес адамдарга керээз аркылуу калтырууга шарт түзүүнү карайт.

Түшүндүрмө маалымкатта белгиленгендей, Конституция жана Жарандык кодекс кепилдеген укуктарга карабастан, иш жүзүндө мураскерлер өз укуктарын тариздей албай калган учурлар кездешет. Негизги көйгөй мурасты ачуу үчүн зарыл болгон керээз калтыруучунун өлгөндүгү тууралуу күбөлүктү алуу мүмкүн эместигине байланыштуу.

Учурдагы мыйзамдарга ылайык, бул документ жакын туугандарга гана берилет. Натыйжада керээзде көрсөтүлгөн, бирок мурас калтыруучу менен туугандык байланышы жок адамдар мурас алуу укугун иш жүзүндө колдоно албай калышат.

Ушуга байланыштуу мыйзам долбоору менен «Жарандык абал актылары жөнүндө» мыйзамдын 9-беренесине өзгөртүү киргизүү сунушталууда. Тактап айтканда, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн керээзди көрсөткөн адамдарга өлгөндүгү тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсүн алуу укугун берүү сунушталууда.

Мыйзам долбоору кабыл алынган учурда учурдагы чектөөлөр жоюлуп, мураскерлердин укуктары корголуп, керээз калтыруучунун эрки толук көлөмдө ишке ашырылат деп күтүлүүдө.

Scroll to Top