Жапаров базарларга “Кумтөрдүн” тагдырын кайталап каларын эскертти

Жапаров базарларга “Кумтөрдүн” тагдырын кайталап каларын эскертти

Базарлардын соодагерлеринин митингдери улана берсе, аларга карата чара көрүлөт.  Бул тууралуу Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген кезектеги маегинде билдирди.

Ал ишкерлерди митингге чыгууга үндөгөн адамдарга чара көрүлөрүн айтты.

“Эгер ушинтип улам-улам үндөп митинг кыла беришсе, алардын маселесин беш секундда чечебиз. Базарларга өкмөттүн атынан “Кумтөрдөгүдөй” тышкы башкаруу киргизебиз. Тез арада баарын ревизия кылып чыгабыз. Мурдакыларынан бери баарын казып чыксак эле мүлктөр, суммалар ачыкка чыгып калат. Эскинин баарын төлөөгө туура келип калат. Ага чейин барбай эле коелу деп күч органдарын токтотуп жатам”, — дейт Садыр Жапаров.

Президент соодагерлерге жана базар ээлерине мүлккө жарыяланган амнистицияны колдонуп, контейнерлерин, батирлерин, “Лексус-570” унааларын өзүнө каттап алууну  сунуштайт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>