АКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жатат

17.10.2026 | 16:37
АКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жатат — Новости Кыргызстана

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио 17–22-октябрь күндөрү Өзбекстан жана Индияга иш сапары менен барат. Анын алкагында Самарканд шаарында мамкатчы Борбор Азия мамлекеттеринин жетекчилери менен жолугушат. Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаментинин расмий сайтында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, Марко Рубио «С5+1» форматындагы министрлердин жолугушуусуна катышат. Бул платформа АКШ менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы стратегиялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.

Ошондой эле мамлекеттик катчы «С5» өлкөлөрүнүн: Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын жетекчилери менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Аны менен бирге 200дөн ашуун бизнес өкүлдөрүнөн турган америкалык соода делегациясы келе жатат.

“Бул тарыхый сапарда мамкатчы Рубио 200дөн ашуун бизнес өкүлдөрүнөн турган АКШнын коммерциялык делегациясын жетектеп барып, АКШ менен Борбор Азиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоонун жаңы доорун баштайт”,- деп айтылат маалыматта.

Scroll to Top