Мажбурлоосуз улуттук иденттүүлүк: Кыргызстанда жаңы мыйзам сунушталууда

14.10.2026 | 16:07
Мажбурлоосуз улуттук иденттүүлүк: Кыргызстанда жаңы мыйзам сунушталууда — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда бул чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын негизги принциптерин аныктаган, жарандардын өзүн өзү аныктоо эркиндигине кепилдик берген жана милдеттүү идеологияны таңуулоого тыюу салган «Жарандык биримдик жана улуттук иденттүүлүк жөнүндө» мыйзам долбоору иштелип чыкты. Маданият министрлиги тарабынан даярдалган документ коомдук талкууга коюлду.

Негиздеме-маалымкатта белгиленгендей, жарандык биримдик — мамлекеттин туруктуу өнүгүшүнүн, коомдук ынтымакты чыңдоонун, жарандардын тең укуктуулугун камсыз кылуунун жана өлкөнүн тарыхый-маданий мурасына аяр мамиле жасоонун маанилүү шарттарынын бири болуп саналат.

Иштеп чыгуучулардын пикиринде, бул багыттагы мамлекеттик саясат мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бийликтин, билим берүү жана маданият мекемелеринин, илимий коомчулуктун жана коомдук бирикмелердин макулдашылган аракеттерин талап кылат.

Мыйзамды кабыл алуунун зарылдыгы мындай саясатты ишке ашырууда бирдиктүү жана системалуу мамилеге болгон муктаждык менен түшүндүрүлөт.

Мамлекеттик органдардын ишинин жалпы принциптерин белгилөө, кабыл алынып жаткан чечимдердин, анын ичинде мамлекеттик программаларды иштеп чыгууда жана маданий, билим берүүчүлүк, илимий жана коомдук демилгелерге колдоо көрсөтүүдө ачык-айкындуулукту жогорулатуу сунушталууда.

Мыйзам долбоорунда жарандык билим берүүнү, укуктук агартууну, маалыматтык сабаттуулукту жана сын көз караш менен ой жүгүртүүнү өнүктүрүү, тарыхый мурастарды сактоо, тилдик ар түрдүүлүктү урматтоо менен мамлекеттик тилди колдоо каралган.

Документтин негизги жоболорунун бири — улуттук, этникалык, маданий, тилдик жана диний иденттүүлүктүн эркиндиги болуп саналат. 

Мыйзам долбооруна ылайык, эч ким өзүнүн иденттүүлүгүн таанууга, ачыкка чыгарууга, өзгөртүүгө же андан баш тартууга мажбурланышы мүмкүн эмес.

Мамлекеттик органдарга жарандардын укуктарын алардын тегине, тилине, ишенимдерине же белгилүү бир коомчулукка таандыктыгына гана таянып чектөөгө тыюу салынат.

Жарандардын саясий берилгендигин аныктоо, милдеттүү идеологияны орнотуу же бийликти сындаганы үчүн куугунтуктоо максатында мамлекеттик саясатты колдонууга тыюу салынары өзүнчө бекитилген.

Ошол эле учурда кыргыз элинин маданиятын колдоо жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү бардык этникалык топтордун өкүлдөрүнүн укуктарын сактоо менен жүргүзүлүшү зарыл.

Мыйзам долбоору ошондой эле илимий, билим берүү, чыгармачылык жана журналисттик ишмердүүлүктүн эркиндигинин кепилдиктерин карайт. Атап айтканда, мамлекет тарыхый окуялардын бирден-бир туура чечмеленишин же тарыхтын талаштуу маселелерине милдеттүү бааны таңуулай албайт. 

Мамлекеттик органдардын расмий позициясы илимий, тарыхый жана коомдук-саясий маселелерге баа берүүдө жарандар үчүн милдеттүү болуп калбашы керек.

Мындан тышкары, документ маалыматтарды өчүрүү же бөгөттөө үчүн өз алдынча негиздерди караштырбайт. Мындай чектөөлөргө мыйзамдарда белгиленген учурларда жана тартипте гана жол берилет.

Маданий, билим берүү, илимий жана коомдук долбоорлорду бюджеттик каржылоо, гранттар жана мамлекеттик буйрутмалардын эсебинен колдоо каралууда.

Каражаттарды ачык-айкын критерийлердин негизинде бөлүштүрүү мерчемделүүдө. Өтүнмө ээлеринин саясий, диний же дүйнө таанымдык көз караштары аларга колдоо көрсөтүүгө же баш тартууга негиз боло албайт.

Каржылоо алгандар, бөлүнгөн каражаттардын көлөмү жана каражаттарды пайдалануунун жыйынтыктары тууралуу маалыматтар ачык жарыяланышы керек.

Министрлер кабинети мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын аныктап, тиешелүү программаларды бекитет. Координациялоо ишин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт.

Ошондой эле программалардын аткарылышы, бюджеттик каражаттардын сарпталышы жана жетишилген натыйжалар тууралуу жыл сайын баяндама жарыялап туруу каралган.

Мыйзам долбоорунун өзүнчө беренесинде анын жоболорун бузгандык үчүн КР мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартуу мүмкүнчүлүгү камтылган.

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган 30 күндүн ичинде эреже бузууларды жоюу талабы менен эскертүү бере алат.

Ошол эле учурда жарандар жана уюмдар мындай чечимдер боюнча даттанууга укуктуу. Даттануу каралып жаткан мезгилде эскертүүнүн аткарылышы убактылуу токтотулат.

Документте анын жоболору цензура киргизүү, сөз эркиндигин чектөө, кандайдыр бир иденттүүлүккө мажбурлоо же басмырлоо (дискриминация) үчүн колдонулушу мүмкүн эместиги өзүнчө баса белгиленген.

Мыйзам кабыл алынган учурда расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Анара Мамытова

Scroll to Top