Жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТга каттоо башталды

15.10.2026 | 15:47
ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу үчүн Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо башталды — Новости Кыргызстана

Кыргызстандын жогорку окуу жайларына кышкы кабыл алуу үчүн Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) каттоо башталды. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору (ББОУБ) билдирди.

Каттоо процесси 14-октябрдан 29-октябрга чейин Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун (ББОУБ) электрондук платформасында райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү аркылуу онлайн жүргүзүлөт.

Эске салсак, кышкы кабыл алуу жогорку окуу жайлардын контракттык окутуу формасына гана жүргүзүлөт.

Жалпы республикалык тестирлөөгө кимдер катыша алат?

Сынакка орто же кесиптик орто билими тууралуу аттестаты же диплому бар жарандар катыша алат. Мектептердин 11-класстарынын, колледждердин жана техникумдардын бүтүрүүчү курстарынын окуучулары, ошондой эле ЖОЖдордун студенттери кышкы кабыл алуу тестирлөөсүнө катыша алышпайт.

Каттоодон өтүү үчүн эмнелер талап кылынат?

Каттоодон өтүү үчүн талапкерлер жашаган жериндеги билим берүү бөлүмүнүн жооптуу кызматкерине паспортун жана орто билими тууралуу документин жеке көрсөтүп, өздүк баракчасына кирүүгө уруксат алуусу керек.

Онлайн анкетаны толтуруу үчүн төмөнкү маалыматтар талап кылынат:

  • уюлдук телефондун номери;
  • паспорттун түп нускасынын эки тарабынын электрондук сүрөтү;
  • аттестаттын же дипломдун түп нускасынын электрондук сүрөтү;
  • талапка ылайык электрондук фотосүрөт.

Тестирлөө качан өтөт жана ага эмнелер керектелет?

2026-жылдын 20-ноябрынан 22-ноябрына чейинки аралыкта өткөрүлөт. ЖОЖдорго тапшыруу үчүн негизги тест милдеттүү болуп эсептелет. Предметтик тесттер (англис тили, химия, биология, физика, математика, тарых, кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты) өзүнчө бааланат жана аларды тапшыруу үчүн негизги тестке катышуу шарт.

Тестке кирүү үчүн паспорт же аскердик билет талап кылынат. «Түндүк» мобилдик тиркемесиндеги санариптик документ катталуу учурунда гана жарактуу, бирок тестке кирүү үчүн кабыл алынбайт. Документтери же каттоосу жок абитуриенттер тестирлөөгө киргизилбейт. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жарандар сынакка бир күн калганда катталууга тийиш.

Жалпы республикалык тестирлөөгө катышуу канча турат?

Тесттин акысы төмөндөгүдөй:

  • негизги тест — 470 сом;
  • мамлекеттик тил боюнча тест — 470 сом;
  • ар бир предметтик тест — 470 сом.

Төлөмдөр «Элдик Банк», «MegaPay» же «О! Деньги» аркылуу жүргүзүлөт. Төлөм дүмүрчөгү жооптуу кызматкерге көрсөтүлүшү же номери өздүк баракчага киргизилиши шарт. Акысы төлөнбөгөн учурда тестке катышууга уруксат берилбейт. Окуу куралдарын алуу маселелери боюнча ББОУБ кеңсесине кайрылуу зарыл.

Теги: ЖОЖ, ЖРТ
Scroll to Top