Садыр Жапаров Бишкекте ипотекалык батирлерди пайдаланууга бердиЧеттен ташылып келген унааларды техникалык кароодон өткөрүү: Кыргызстанда жаңы эрежелер иштелип чыкты — чоо-жайыКыргызстандын аскерлери Беларуста ЖККУнун тынчтык орнотуу операциясын машыгууда«Балага сүйүнчү» жөлөк пулуна кантип «Түндүк» тиркемеси аркылуу арыз берүүгө болотМажбурлоосуз улуттук иденттүүлүк: Кыргызстанда жаңы мыйзам сунушталуудаЖалал-Абад облусунда кармалган адам милициядагы кыйноолорго даттанды
«Балага сүйүнчү» жөлөк пулуна кантип «Түндүк» тиркемеси аркылуу арыз берүүгө болот
14.10.2026 | 16:09

Эми бала төрөлгөндө берилүүчү 4 миң сом өлчөмүндөгү бир жолку «Балага сүйүнчү» жөлөк пулуна арызды «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн берүүгө болот. Бул тууралуу «Кызмат» мамлекеттик мекемеси билдирди.
Арыз тапшыруу тартиби:
- «Түндүк» колдонмосунан «Кызматтар» бөлүмүнө кирип, «Социалдык төлөмдөр» тизмесинен «Балага сүйүнчү» кызматын тандоо;
- Шарттар менен таанышып, «Арыз берүү» баскычын басуу;
- Жөлөк пул чегериле турган банкты тандап, «Арызды тариздөө» баскычын басуу (банктык эсеп алдын ала ачылышы керек);
- Электрондук почтага жөнөтүлгөн ОЭП кодун киргизип, «Ырастоо» баскычын басуу.
Арыздын кабыл алынганы тууралуу маалыматты колдонмонун «Алынган кызматтардын тарыхы» бөлүмүнөн текшерүүгө болот.
Жөлөк пулдун өлчөмү ар бир балага 4 миң сомду түзөт. Арыз бала төрөлгөн күндөн тартып 6 айлык мөөнөттүн ичинде берилиши керек.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: жөлөк пул