Президент жеке көзөмөлүнө алам деген Адилдин атасы Орусияда камакта калды

Президент жеке көзөмөлүнө алам деген Адилдин атасы Орусияда камакта калды

Орусиянын Нижный Новгород шаарынын аба майданында Тажикстандын өтүнүчү менен кармалган Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургуну Эсенбай Мажитов абакта дагы үч айга калды. Бул тууралуу анын жубайы Айзада Хамдамова “Репортёрго” билдирди.

Мажитовдун баш коргоо чарасы бүгүн, 26-майда өтүп, сот аны дагы 3 ай камакта калтыруу чечимин кабыл алган.

Хамдамованын айтымында, Тажикстан кыргызстандыкты кабыл алууга даяр экенин билдирип, расмий кат жолдогон.

“Учурда Кыргызстан тараптан жолдошума байланыштуу бир дагы документ барбаганын анын жактоочусу айтты. Президент жеке көзөмөлүмө алам деп убада берген эле, көрсө ал биздин көңүлүбүздү жубатып коюу үчүн гана айткан экен. Буга чейин барбаган жерим калган жок, Кыргыз бийлигине болгон ишенимим кетти. Эмне кылаарыбызды билбей калдык. Тышкы иштер министрлиги жана башка мекемелер тийиштүү чара көрбөптүр”, — деди айласы кеткен Хамдамова.

Ошондой эле жолдошун буга чейин абакта чогуу камалгандар кыйноого алганын айтып, аны башка жайга которбогонун кошумчалады.

Бул маселе боюнча Тышкы иштер министрлиги учурда жооп берген жок. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан расмий кат менен кайрылгыла деп жооп узатты.

Белгилей кетсек, буга чейин Мажитовду убактылуу кармоочу жайда чогу жаткандар кыйноого алганын айтып чыккан. Анда жолдошу менен бирге камакта олтургандар Эсенбай Мажитовго кысым көргөзүп, кыйноого алуу менен өмүрүнө коркунуч жаратып жатканын билдирген.

Кыргыз жаранын 18-апрелде жалган-жалаа жабылып Нижный Новгород шаарындагы аэропорттон кармалган.

Мажитов эл аралык издөөгө алынганын Орусияга барганда билген. Аны Тажикстанга экстрадиция кылбай Кыргызстанга кайтаруу үчүн Тышкы иштер министрлиги жана Башкы прокуратура сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы кабарланган.

Мындан тышкары, Тышкы иштер министрлигинин алдында Тажикстандын өтүнүчү менен Орусияда кармалган кыргыз жараны Эсен Мажитовду бошотуу талабы менен митинг өткөн.

Ал эми Мажитовдун баласы Адил президент Садыр Жапаровго жолукканда атасынын маселеси жакын арада Тышкы иштер министрлиги тарабынан иштелип чыккандыгын, жакынкы аралыкта түп-тамырынан бери чечип берүүнү убада кылганы  айтылган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>