Токмокто аялын жана балдарын сабоого шектелген жаран эки айга камалдыМинистрлик жарандарды жана туристтерди «Таш-Рабат» комплексине барбай турууга чакырдыУлуттук банк айрым банктар накталай орус рублун албай жаткан жагдай боюнча түшүндүрмө бердиРосконгресс фондунун жетекчисинин орун басары Кыргызстан менен Орусиянын кызматташтыгынын негизги багыттары тууралуу айтып бердиБишкекте курулушта автокран оодарылып кетти. Компанияга айып пул салынып, жумушчулар жазаландыБишкекте 87 түйүнчөк баңгизаты менен 21 жаштагы шектүү кармалды
Прокуратура: Мамлекетке келтирилген 567 млн сомдук зыян боюнча кылмыш иши козголду
06.03.2025 | 18:04
Башкы прокуратура Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин сактоосунда турган мобилизациялык резервде товар жана материалдардын ири өлчөмдө жетишсиз экендигин аныктады. Бул тууралуу аталган мекеме билдирди.
Маалыматта айтылгандай, резервдеги жетишсиз товарлар жана материалдардын жалпы суммасы 567 млн сомдон ашат.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш иши козголду. Учурда тергөө жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар