Прокурор укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыровду 3 жылга абакка кесүүнү сурады

Прокурор укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыровду 3 жылга абакка кесүүнү сурады

Бүгүн, 18-июнда Биринчи май райондук сотунда укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыровдун ишин кароо улунтылды.

Бүгүнкү процессте тараптар жарыш сөзгө өткөн. «Кылым шамы» коомдук фонду билдиргендей, соттук отурумда прокурор Айжамал Мырзасапарова Токтонасыровду 3 жылга эркинен ажыратууну суранган.

Ал эми Токтонасыров социалдык тармактардагы билдирүүлөрү кастыкты козутууга багытталбаганын, болгону коомдук турмуштагы маселелер боюнча өз пикирин гана айтканын билдирген.

Эртең, 19-июнда Токтонасыровго акыркы сөз берилип, сот өкүм чыгарары күтүлүүдө. Отурум саат 09:30да башталат.

Эскерте кетсек, Өндүрүш Токтонасыров «расалык, этностук, улуттар аралык кастыкты козутуу» беренеси боюнча айыпталууда. ИИМ Токтонасыроовго «Фейсбуктагы» билдирүүлөрү боюнча кылмыш иши козглгонун билдирген.

2023-жылы 30-июнда болжол менен саат 21:00до белгисиз адамдар Өндүрүш Токтонасыровду Чүйдүн Лесное айылындагы үйүнөн ак жигулиге салып кеткен. Кийинчерээк алар милиция кызматкери экени, Токтонасыров ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилип, кайра кое берилгени белгилүү болгон.

Өндүрүш Токтонасыров учурда 65 жашта. Ал укук коргоочу, жарандык активист катары таанымал. Өлкөдө жана дүйнөдө болгон окуяларга кайдыгер болбой, жарандык позициясын ачык билдирип келет. Токтонасыров өткөргөн акциялар өзүнүн өзгөчөлүгү менен айырмаланат.

Кылмыш иши козголгонго чейин ал Украинадагы согуш, Кемпир-Абад иши жана башка маселелер боюнча сын-пикирин байма-бай айтып келген. Укук коргоочу өзүнө ачылган ишти саясий куугунтук деп баалайт.

ИИМ Өндүрүш Токтонасыровго кайсы берене боюнча иш козголгонун айтты

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>