Ошто жасалма акциздик марка чапталган алкоголсуз суусундуктар аныкталды

Ош шаарында жасалма акциздик маркалары бар 2 миң 670 даана алкоголсуз суусундук аныкталды. Алар Мамлекеттик салык кызматы тарабынан жүргүзүлгөн рейддик көзөмөл учурунда табылган.
Салык кызматынын маалыматында, аталган факт боюнча акт түзүлүп, суусундуктар алынган. Материалдар укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.
Мыйзамга ылайык, жасалма маркалары бар 100 бирдикке чейинки продукцияны саткандыгы үчүн 100 миң сом өлчөмүндө айып пул каралган. Ал эми 100 бирдиктен ашык продукцияны сатууда 7 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу боюнча кылмыш жоопкерчилиги колдонулат.
Салык кызматы ишкерлерди акциздик маркасы жок же жасалма маркасы бар продукцияны сатуудан жана сактоодон баш тартууга, ошондой эле маркалардын аныктыгын текшерүүгө чакырат.