Путин Кыргызстанга сапары бышып жетилгенде келгенин айтты (сүрөт)
“Кыргызстанга расмий сапарымды коштогон жакшы шылтоолор көп, бирок өзү дагы бышып жетилип калган”, – деп Россиянын президентти Владимир Путин “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Садыр Жапаров менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө билдирди.
Ал мамлекеттер аралык кызматташтык ийгиликтүү өнүгүп жатканын белгилеп өттү.
“Бул боюнча көптөн бери айтып келе жатабыз. Мен бүгүн Кыргызстанда болгонума кубанычтамын”, – деди Путин.
Россия президенти расмий сапардын алкагында көп иш-чаралар өтөрүн, Канттагы ЖККУнун аскердик базасынын 20-жылдыгына катышарын маалымдады.
Анын маалыматында, 2022-жылы Россия менен Кыргызстандын соода жүгүртүүсү 37 пайызга өсүп, 3,5 миллиард долларды түздү. Ал эми үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында дагы 17,9 пайызга өскөн. Россия – Кыргызстандын экономикасындагы ири инвестор. Бүгүнкү күндө өлкөдө Россиянын катышуусу менен 800дөн ашык ишкана иштейт.
[image_carousel source=”media: 199188,199189,199190,199191,199192,199193,199194,199195,199196,199197,199198″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]
Владимир Путин бүгүн эртең менен Кыргызстанга конду. Аны расмий тосуп салтанаты мамлекеттик резиденцияда өттү. Россия президентти “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине барып, 1916-жылы Үркүндө каза болгондордун айкелине гүлчамбар койду.
[image_carousel source=”media: 199201,199202,199203″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]
Владимир Путин эртең КМШ өлкөлөрүнүн башчыларынын саммитине дагы катышат. Бул Россия жетекчисинын 2023-жылдагы биринчи чет өлкөгө расмий сапары.
Владимир Путин акыркы жолу Кыргызстанга 2022-жылдын декабрь айында Евразиялык жогорку экономика биримдигинин жыйынына катышуу үчүн келген. Мамлекеттик сапары 2019-жылдын март айында болгон.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз